Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Полотов Улукмырзанын 80 жылдыгына арналган “Көп кырдуу талант” деп аталган китеп сүрөт көргөзмөнүн жана Кыргыз китеби бөлүмүндө чыгармачылык жолугушуу аземи менен кштолуп өттү.

Полотов Улукмырзанын 80 жылдыгына арналган “Көп кырдуу талант” деп аталган китеп сүрөт көргөзмөнүн жана Кыргыз китеби бөлүмүндө чыгармачылык жолугушуу аземи менен кштолуп өттү.
02 Окт 2023

А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Маданият жана искусство бөлүмү 2023 — жылдын 31-октябрнан тартып Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, профессор, III даражадагы Манас орденинин ээси, Полотов Улукмырзанын 80 жылдыгына арналган “Көп кырдуу талант” деп аталган китеп сүрөт көргөзмөнүн жана Кыргыз китеби бөлүмүндө чыгармачылык жолугушуу аземи менен кштолуп өттү. Полотов Улукмырза 1943-жылы Жалал-Абад областынын, Жаңы-Жол районунун Улук айылында туулган. Педагогикалык жана чыгармачылык ишмердиги студент кезинде эле башталган. 1968 ж. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайын, 1973 ж. Б. Бейшеналиева атындагы КМИИни бүтүргөн. 1994–98-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы КМИИде, 1996–98-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук консерваториясында окутуучу, 1998-жылдан консерваториянын салттык музыка жана фольклор кафедрасынын башчысы, 1973–2005-жылдары Кыргыз мамлекеттик Т. Сатылганов атындагы филармониянын солисти, 2005-жылдан К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окутуучу Полотов «Ак зыйнат», «Арпанын Ала-Тоосунан», «Күңөтай», «Даанышман», «Айнагүл», «Кызыл жоолукчан», мындан тышкары орус эл ырлары, ошондой эле корей, моңгол, румын ж. б. тилдердеги чыгармаларды жогорку чеберчиликте аткарган. Жогорку музыкалык окуу жайлары үчүн элдик ырдоо программасын жана методикасын иштеп чыккан. Элдик устат-шакирт салттарына жана дүйнөлүк академиялык стандартка таянган методикага негизделген автордук мектепти түзгөн. Орто Азия республикалары жана Казакстан вокалисттер конкурсунун лауреаты, КТРКнын Алтын казынасынын фондусунда анын аткаруусунда 100дөн ашуун ырлар бар.