Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Пресс-релиз

30 Май 2016
2016-жылдын 27-майында, Кыргыз Республикасынын Китепканалар күнүндө, КР А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын жана КР Коомдук китепканалар ассоциациясы демилгеси менен, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен Токтогул атындагы Ош областтык китепкананын базасында «Коомдук китепканалардын Кыргызстандын тарых жана маданиятын өнүктүрүүдөгү ролу» деп аталган VIII Республикалык китепканалар Форуму өткөрүлөт. Форум саат 10.00дө башталат.
Форум Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин Жарлыгы менен жарыялаган «2016-жыл Тарых жана маданият жылына» арналат.
Президенттин Жарлыгында маданият мекемелерин, айрыкча китепканаларды колдоо зарылдыгы айтылды, китепканаларды модернизациялоонун келечек пландарын жана программаларын иштеп чыгууга, Интернет жана жаңы технологиялар менен камсыздоого, инновациялык китепканаларды түзүүгө көңүл бурулду.
Форумду өткөрүү китепканалар жамаатынын ар жыл сайын болуучу салтына айланды, түштүк борбор шаарында биринчи жолу өткөрүлүп жатат.
Форумдун негизги максаты–Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын сактоо боюнча ишти жана инновациялык иштерди активдештирүү, региондордун азыркы учурдагы маданий өнүгүүсүндө, информациялык камсыздоодо жана тарыхый адабияттарды популярдаштырууда китепканалардын ролун жогорулатуу.
Пленардык жыйында, «Информациялык коомдо маданий мурастарды калыптандыруу жана сактоо» жана «Регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүү процессинде тарыхтын жана маданий-агартуучу иштин өз ара байланышы» секцияларында төмөнкү маселелер каралат: тарых боюнча информациялык ресурстарды түзүү; элди тарых жана маданият боюнча заманбап илимий жана илимий-популярдуу адабияттар менен камсыздоо; документтик мурастарды сактоо жана китепканалардын мекен таануу боюнча иши; Кыргызстандын билим жана маданий тармактарында орус тилинин мааниси; окурмандарды тейлөөдөгү традициялар жана жаңылыктар.
Форумда республиканын китепкана кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин атынан жана өлкөнүн Коомдук китепканалар ассоциациясынын атынан сыйлыктар тапшырылат.
Форумдун алкагында Ош областык китепканада «Манас залынын» жана Тарых жана маданият жылына арналган «Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастары» деп аталган китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Ош ш. Борбордоштурулган китепканалар системасына, Т.Мияшов атындагы Облустук балдар китепканасына жана «Сулайман-Тоо» музей комплексине баруу каралган.
Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Ош областтык администрациясы, Ош. ш. мэриясынын өкүлдөрү, дипломтиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ЖОЖдор, билим берүүнүн жана маданияттын ишмерлери, бардык региондордон айылдык, райондук, шаардык, облустук жана республикалык китепканалардын кызматкерлери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
Дареги: Ош ш., Курманжан-датка көч. 271, Ош областтык китепканасыны,
тел: 0(3222)56015, 0(3222) 56943; 0(312)30-46-84.