Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Пресс-релиз

21 Апр 2016
2016-жылдын 23-апрелинде А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмүндө Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган
Ким китепти окуй билсе күтүнө,
Эки дүйнө жарык берет ишине. – аттуу китеп – сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Китеп – бул маалыматты сактоонун, аны муундан — муунга өндүрүмдүү өткөрүп берүүнүн бир формасы. Илим – билим, маданият, адабий — көркөм чыгармаларды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каражаты.
Улам доор алмашкан сайын илим – билим, техниканын өнүгүүсү күч алып, бүгүнкү күндө интернетке жайгаштырылган жана компьютердин эсинде сакталуучу цифралык китеп фонддору жана электрондук китеп, аудиокитептер пайда болду.
Кыргызстанда алгачкы китептин, жазма маданиятынын жаралуу тарыхы 1911-жылга туура келет. Бул жылы Казан шаарында улуу ойчул жана акын Молдо Кылычтын “Кысса-и зилзала” аттуу китеби жарык көргөн. Окумуштуу, тилчи И. Арабаевдин демилгеси менен басылып чыккан кыргыз адабиятынын үлгүсү болгон алгачкы көркөм чыгармадан кийин кыргыздар цивилизацияга кадам таштап, китеп чыгаруу өнүгүү жолуна түшкөн.
Китеп көргөзмөдө жазма адабиятка чыйыр салган кыргыздын тунгуч агартуучуларынын китептеринен тарта азыркы эгемендүүлүк жылдарындагы акын – жазуучулардын китептери, китеп жөнүндөгү макалалар, ырлар, сүрөттөр коюлду.
Дареги: Бишкек ш. Ю. Абдрахманов көч. 208, КР Улуттук китепканасы.
Тел.: 30 — 50 — 57