Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Пресс-релиз

30 Апр 2016
2016-жылдын 4-майында саат 1400дө А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз радиосунун 85 жылдыгына арналган “Кылымдарды карыткан кыргыз радиосу” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт.
Кыргыз Мамлекетинин үнү болгон Кыргыз Радиосуна 85 жыл толду. 85 жыл айтканга оңой болгону менен не деген карт тарых ошол жылдардын кучагында калды. 1926-жылы Кыргыз автономиялуу областы Кыргыз АССРине айланат. Бул кубанычтуу окуяны Ала-Тоонун аймагына жайылтуу үчүн радиолоштуруу демилгеси башталат. 1927-жылы бул асыл ой ишке ашып, Кыргыз АССРинин борбордук аткаруу комитетинин курултайы өтүп, аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбековдун докла¬ды радио түйүндөр аркылуу элге угузулган. Бирок радио уктурууларды даярдай турган мекеме ал кезде болгон эмес. Бул уюм 1931-жылы гана Республикалык радио комитет болуп уюшулуп олтурат. Мына бул жыл биздин радио журналистиканын туулган жылы, Кыргыз Радиосунун пайда болгон жылы жана ошондой эле Коомдук телерадио корпорациясынын тунук башаты. Кыргыз элинин коомдук маданий турмушунда өзгөчө зор роль ойногон Кыргыз Радиосу 85 жыл аралыгында калкыбыз үчүн чоң универ¬ситет болуп калды.
Радионун кыргыз элинин алдында мактаныч жана сыймык ме¬нен айтаар эмгеги жана табылгасы баа жеткис “Ал¬тын казынасы”. 12000 сааттан ашык залкар чыгармалар, улут сыймыктарынын асыл мурастары таберик болуп сакталып турат. Кабарлар, коомдук саясий, адабий-драмалык, музыкалык, балдар-жаштар редакциясынан турган Кыргыз радиосу, учурда кулачы кенен жайылган чоң үй бүло катары радио бирикме болуп түзүлүп, үч каналга, беш радиого айланды. Маалыматтык, коомдук саясий багытта — Биринчи Радио, улуттук уңгудагы адабий музыкалык багытта — Кыргыз Радиосу, көңүл ачуучу багытта- Миң кыял ФМ, түнкү канал- Түнкү Белес, балдардын радиосу- Балдар ФМ изденүү аракетинде иш алып барууда.
Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук, илимий жана маданий ишмерлер, Коомдук телерадио корпорациясынын жамааты, чыгармачыл интеллегенция жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
Дареги: Бишкек ш. Ю. Абдрахманов көч., 208
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел.: 30-50-57, 30-47-04