Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Пресс-релиз

23 Апр 2015

 

  2015-жылдын 20 апрелинде КР Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн залында “9-май Улуу жеңишке 70 жыл” аттуу китеп көргөзмөсү коюлду.

 

                                  “Бардыгы фрон үчүн, бардыгы жеңиш үчүн!

                                    Биздин ишибиз ак, душман талкаланат!”


Коммунисттик партиянын бул чакырыгы тылда болсун, фронтто болсун, совет элин шыктандырып тулду. Фашисттер Советтер Союзун баш ийдирүү үчүн элден мурун Москваны басып алууга жүткүнүшкөн, ошондуктан немецтер 1941-жылы күз айларында батыштык багытына эң күчтүү курал –жарактарын топтоп, 7- ноябрда “Москванын кызыл аянтында парад өткөрөбүз” деп “Центр” деген группасын жиберген.

   Фашисттер биздин күч- куралдарга караганда солдаттарды 1-4 эсе, танктарды 22 эсе, замбирек жана миномётторду 2 эсе жана самолётторду 2,6 эсе көп топтошкон. Башкача айтканда 78 двизияга чейин аскердик бөлүктөр коюлуп, алардын ичинен 14 техникалык жана 3 мотострелкалык аткычтар дивизияларын бөлгөн. Бул жыш токойдой болгон сел Москваны көздөй жутунуп турушкан.     

     Москваны немецтик жырткычтардан коргоо үчүн бүткүл совет эли тик туруп, анын тегерегине коргонуу окопторун, чоң бийик жардуу аңдарды жана темир жолдун рельсасынан жасалган казыктарды, тоскоолдорду орнотушту. Москваны көздөгөн немецтик багытка биздин мыкты кызыл аскерлерибиздин бөлүктөрү турушту.

 

      Социализдин фашизге каршы кан төгүлгөн салгылашуусу төрт жарым жылга созулду. Империалисттик державалар баштаган экинчи дүйнөлүк согушка дүйнөнүн 61 мамлекети-адам баласынын төрттөн үч бөлүгү катышты. 50 млн. киши курман болду- согуштун каардуу жыйынтыгы мына ушундай. Советтер Союзу баарынан чоң жоготууга учурады-20 миллион адамынан айрылды. Согуш биздин өлкөгө аябагандай зор материалдык зыян келтирди. 

 

       Совет эли фронттогу жана тылдагы эң оор сыноолордо жеңип чыкккан себеби адилеттүү жана прогресивдүү иш үчүн, өзүнүн социалистик мекени үчүн, жаркыраган коммунисттик келечек үчүн күрөшкөн.

         Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишти Кызыл Армиянын бузулгус күжүрмөн кубаты, анын аскердик чеберчилиги камсыз кылды.

             1945-ж. 8-майда фашисттик армиянын жогорку командованиесинин өкүлдөрү Германиянын сөзсүз баш ийип бериши жөнүндөгү актыга кол коюшту.

  Европадагы согуш аяктады. 9-майда бүткүл совет эли, анын ичинде Кыргызстандын эмгекчилери Жеңиш күнүн кубаныштуу майрамдашты.

 

 

                                        Дареги: Ж. Абдрахманов көч. 208  

                                                       КР Улуттук китепканасы Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө

                                                       баалуу басылмалар бөлүмү. 2-этаж.№57 каб. Тел: 30-46-79