Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Пресс-релиз(На Кырг)

18 Мар 2016

А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2016-жылдын 17 — мартында адабиятчы, окумуштуу, сынчы Салижан Жигитовдун 80-жылдыгына карата китеп көргөзмөсү коюлду.
Адабиятчы, окумуштуу, сынчы жана коомдук ишмер Салижан Жигитов 1936-жылы 17 — мартта Ош областына караштуу Өзгөн районунун Көлдүк кыштагында туулган. Айылдагы жети жылдык , андан соң Фрунзе шаарындагы А.С. Пушкин атындагы № 5 орто мектепти бүтүрүп, 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология бөлүмүн бүтүргөн. 1959-1962- жылдары айылда мугалим, Кыргыз Илимдер Академиясынын Тил адабият институтунда илимий кызматкер, Кыргыз радиосунун адабиий-драмалык берүүлөр редакциясында редактор болуп эмгектенген. Андан кийин Кыргыз Улуттук Университетинин кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучусу, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакторунун орун басары, 1993-96- жылдарда Кыгызстандын Өзбекстандагы элчиси, 1996-98-жылдары “Азаттык” радиосунда башкы редактордун орун басары, 1998-2006-жылгы чейин Кыргыз Түрк “Манас” университетинде проректор болуп үзүрлүү эмгектенген.
Ал мектепте окуп жүргөндө эле республикалык газета-журналдарга ырлары жарыяланып турган. Студент кезинен тартып илимий иштерге көбүрөөк көңүл буруп, 1966-жылы “Кыргыз совет поэзиясындагы жаңычылдык жана салт маселелери” деген темада кандидаттык диссертациясын, 1992-жылы “Кыргыз совет адабиятынын жаралышы” атуу темада докторлук ишин жактаган.,
Алгачкы ырлары, сын макалалары 1950-жылдары чыга баштаган. Ырлары сезимталдыгы, ачык-айрымдыгы менен өзгөчөлөнөт. Ал көркөм пародиянын да чебери болгон. 1971- жылы “Ыймандай сырым менин” аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. “Ырлар жана жылдар” -1972-жыл, 1975-жылы “Жаңычылык жолунда”, 1982-жылы “Көркөм сөз маселелери”, 1990-жылы “Кечээкинин сабактары, бүгүнкүнүн талаптары” адабий сын макалалар жыйнактары бар. Ошондой эле анын “Көптүн көзү көрөгөч”, “Адабиятка адал эмгек”, “Сынчылык бул кесип”, “Термидер тегерегиндеги сөз”, “Изденүү пафосу”,, “Бир жыйнакты окуган сөз” сыяктуу сын-макалалары, монографияларын жазган. “Күн тууду” деген тамашалуу повести жана күндөлүк басма беттерине жарыяланган аңгеме, очерктери аркылуу эл арасында кеңири белгилүү.
С. Жигитов түрк жазуучусу Назым Хикметтин, башкыр жазуучусу М. Каримдин ыр китептерин, француз жазуучусу А. Сент-Экзюперинин “Кичинекей ханзадасын” кыргызча которуп окурмандарга тартуулады.
Окумуштуунун Кыргыз Энциклопедиясын чыгарууга кошкон эмгеги бааланып республиканын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. “Манас”эпосунун 1000 жылдык эстелик медалы”, “Даңк “ медалы менен сыйланган.
Китеп көргөзмөгө окумуштуунун кыскача өмүр баяны, чыгармалары, ар кандай газета- журналдарга жарыяланган эмгектери, статьялары жайгаштырылган.
Дареги: А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепанасы
2-этаж № 57 каб. Тел: 30-46-79