Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Пресс-релиз(На Кырг)

18 Мар 2016

2016-жылдын 18-мартында саат 1100дө А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө “Тарых жана маданият жылынын” алкагында прозаик, сатирик, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Касым Каимовдун 90 жылдыгына арналган «Көркөм сөздүн чебери» аттуу китеп көргөзмөсү өткөрүлөт.
К.Каимов чыгармачылыгын 1942-ж. ыр, фельетон, очерк жазуудан баштаган. Биринчи китеби "Соңку жолугушуу” деген ат менен 1955-ж. чыккан. "Соңку жолугушуу” (1955), "Адашуу” (1957), "Мектеп жолунда” (1958) жыйнактарында жазуучунун сатиралык таланты айрыкча ачылып, турмуштагы терс көрүнүштөрдү мыскылдап сүрөттөгөн. Алдым-жуттумдук, аксымдык, араккечтиктин азабы сыяктуу күндөлүк турмушта кездешчү кемчиликтерди "Начальниктин кабагы”, "Теке сүзгөндө”, "Бөтөлкөдөгү киши” деген сатиралык аңгемелеринде тымызын шылдың, жылма какшык менен кыябына келтире ашкерелеген. Ушундан улам К.Каимов "Талаа жылдызы” (1964), "Бири-бирине окшобогон күндөр” (1968), "Кыш ыргактары” (1973), "Белгилүү эркек” (1975), "Ийри жылан” (1978) жыйнактарын жарыкка чыгарган.
Жазуучунун повесть жанрындагы бурулуш мезгили катары анын "Бири-бирине окшобогон күндөр” повестин көрсөтүүгө болот. Чыгармада Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы оорукта калган балдардын турмушу кең-кесири чагылдырылган.
"Кыш ыргактары” повести жазуучунун чыгармачылык жолундагы байсалдуу чыгарманын бири. Каимовдун чыгармачылыгындагы кийинки орчундуу ийгилик "Атай” (1961) романы болду. Чыгарма кыргыз элинин улуу обончусу, залкар комузчу А. Огомбаевдин өмүрүн, чыгармалыгын көркөм изилдөөгө алып, окуя негизинен Атайдын тегерегинде өнүгөт. Атайдын аң-сезиминин, ырчылык, комузчулук өнөрүнүн, түшүнүгүнүн бийиктеп, тереңдешине аны курчап турган кооз табият көрүнүшү, Талас өрөөнүндө өткөн көп окуялар, чоң таланттар таасир этет. Жазуучу Атайдын жан дүйнөсүндө өтүп жаткан психологиялык процесстерди таамай сыпаттап, анын чыгармачылык жолун өмүр тарыхы менен ажырагыс түрдө көрсөтө алган. Кийинки жылдардагы Каимовдун чыгармаларынын ичинен атайын сөз кылууга арзый турганы – "Акырын күтпө” романы (1984). Чыгарма учурдун талабына ылайык актуалдуу, проблемалардын бири болгон шаар турмушу, андагы тиричиликтин оош-кыйыш учурлары, балдарды тарбиялоо иши сыяктуу маселелер тууралуу кеп козгогон. Романдын идеялык – көркөмдүк негиздерин түзгөн проблема – адам турмушундагы бакыт, анын моралдык маселелери.
Каимовдун орус тилинде "Ночь на перевале” (1958), "Атай” (1968), "Маршруты дружбы” (1970), "Степная звезда” (1972), "Жажда” (1985) жыйнактары чыккан.
"Ардак белгиси” ордени ж-а бир нече медалдар менен сыйланган.
Көргөзмөдө жазуучунун бардык китептери, газета-журналдык публикациялар, ал жөнүндөгү ой-пикирлер, макалалар орун алган.
Көргөзмөгө акын-жазуучулар, маданий кызматкерлер, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышат.
Дареги: Бишкек ш. Ю. Абдрахманов көч., 208
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел.: 30-50-57, 30-47-04