Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Пресс-релиз(На Кырг)

29 Окт 2015

2015-жылдын 26-октябрында саат 1100дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргызстан Ленин комсомолунун ээси, профессор, комузчу, аткаруучу Самарбүбү Токтакунованын туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналган «Комуз өнөрүнүн жароокер бийик периси» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана жолугушуу кечеси өткөрүлөт.

Самарбүбү Токтакунова 1964-жылы М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар, 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун оркестр-дирижерлук бөлүмүн бүткөн. 1963-1988-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эл аспаптар оркестринде, 1988-1990-жылдары «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук ансамблинде иштейт. Салттык музыкалык мурастарды өнүктүрүүгө 50 жылдык эмгегин арнаган С. Токтакунованын атактуу комузчу болушуна өмүрлүк жолдошу Ч. Исабаевдин эмгеги зор. 1990-жылдан баштап кайрадан эл аспаптар оркестринде иштеген.
Комузчунун репертуарында Токтогулдун, Муратаалынын, Ниязалынын, Атайдын, Ыбрайдын, Карамолдонун жана башка комузчулардын ондогон күүлөрү болгон. Анын күүлөрүнүн көпчүлүгүн К. Орозовдун күүлөрү түзгөн.
1975-жылы комузчу кыргыз фольклор аткаруучулугунун тарыхында биринчи жолу эки бөлүмдөн турган өзүнүн жеке концертин берген. 40 программалык мелодиядан турган концерттин ичинен көбү Кыргызстандын радиотелекомпаниясынын «алтын фондусуна» жазылып сакталып турат.
С. Токтакунова Россияда, КМШ өлкөлөрүндө, АКШда, Канадада, Мексикада, Германияда, Испанияда, Австрияда, Бельгияда, Туркияда, Монголияда, Японияда, Кытайда, Норвегияда ж.б. өлкөлөрдө концерт коюп Кыргызстанды тааныткан.
Ал Гаванадагы XI бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын, Алматыдагы Эл аралык фестивалдын лауреаты болгон. Ага Манас ордени, Даңк медалы, Вьетнамдын Достук ордени, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык уюмунун Алтын медалы берилген. «Руханият», М. Ауэзов атындагы сыйлыктарга татыган.
Көргөзмөнүн ачылышына мамлекеттик жана коомдук уюмдар, маданияттын жана искусствонун кызматкерлери, студенттер жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
Дареги: Бишкек ш. Ю. Абдрахманов көч., 208
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы. Тел.: 30-50-57