Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“ПУШКИНДИН СӨЗҮ КАНДАЙ ТҮБӨЛҮКТҮҮ” АТТУУ КАЛЕНДАРЛЫК КИТЕП КӨРГӨЗМӨСҮ

“ПУШКИНДИН СӨЗҮ КАНДАЙ ТҮБӨЛҮКТҮҮ” АТТУУ КАЛЕНДАРЛЫК КИТЕП КӨРГӨЗМӨСҮ
09 Фев 2024

2024-жылдын 9-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Орус адабияты жана маданияты борборунун окуу залында Александр Сергеевич Пушкинди эскерүү күнүнө арналган “Пушкиндин сөзү кандай түбөлүктүү” аттуу календарлык китеп көргөзмөсү тартууланууда. 1837-жылдын бул күнү аты жана чыгармачылыгы бүткүл дүйнөгө кеңири белгилүү болгон орустун улуу акыны А.С.Пушкин каза болгон. Ал болгону 37 жашта эле, Пушкин Дантес менен болгон дуэлде алган жараатынан улам каза болгон. Дуэль жана акындын өлүмү жөнүндөгү кабар Санкт-Петербургда чоң толкундоого алып келген. Ар кандай маалыматтар боюнча, Пушкин менен коштошуу үчүн 10 миңден 50 миңге чейин адам келген. Акындын сөөгү Святогорск монастырында коюлган. Санкт-Петербургда жыл сайын 10-февралда салтка айланган салтанаттуу эскерүү жыйыны өткөрүлөт. Анын өлбөс-өчпөс чыгармачылыгы дүйнө жүзү боюнча ишенимдүү күйөрмандарын тапты жана анын адабий мурасы орус адабиятына гана эмес, дүйнөлүк маданиятка да баа жеткис салым болуп саналат.