Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Раиса Заитовна Кыдырбаеванын 85 жылдыгына арналган китеп коргозмосу

12 Ноя 2015

А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө 2015-жылдын 12-ноябрында белгилүү “Манас” изилдөөчү, илимпоз адабиятчы, филология илимдеринин доктору, КР УИАнын мүчө корреспонденти, профессор Раиса Заитовна Кыдырбаеванын 85 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү коюлат.
Кыдырбаева Раиса Заитовна 1930- жылы 30- ноябрда Фрунзе шаарында төрөлгөн.
1952-жылы КМУнун филология факультетин (орусча бөлүмүн) бүтүргөн. 1956-жылы А.М. Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасын аяктаган. КР УИАнын азыркы Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда 1956-60ж. кенже илимий кызматкер, 1960-86-ж. улук илимий кызматкер, 1986-87-ж. Манас секторунун башчысы,1987-2008-ж. Фольклор жана акындар бөлүмүнүн башчысы, 2009-жылдан жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштеген. КР илимге эмгек сиңирген ишмери, профессор, КР илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты наамына ээ болгон.
Кыдырбаева “Манас” жана кенже эпосторду, о.э фольклор изилдөөчү адабият таанучу катары белгилүү. “Сарынжы-Бөкөй” эпосунун идеялык – көркөмдүк бөтөнчөлүктөрү, “Жаңыл Мырза” эпосунун поэтикалык традициялары”, “Манас”эпосундагы традициялык жана индивидуалдык маселелерине карата”, “Манасчынын айтуучулук чеберчилиги”, “Манас эпосунун генесизи”, “Манас эпосунун вариянтары”, “Мезгилдер, муундар жана манасчы” жана башка 150- дөн ашык илимий эмгектин анын ичинен 17 монографиянын автору. “Манас энциклопедиясын” даярдап чыгарууга активдүү катышкан.
Р.З. Кадырбаеванын басып өткөн жолу, илимий чыгармачылык жагдайдагы талбай изденүүлөр, табылгалар менен терең байланышкан.
Р.З Кыдырбаева жөнүндөгү көргөзмөдө өзүнүн жазган китептери, ал жөнүндө жазылген эскерүүлөр, очерктер, макалалар коюлган. Көргөзмөгө маданий жана илимий кызматкерлер, жалпы окурмандар катышат.
Дареги: Бишкек ш. Ж. Абдрахманов көч. 208
А. Осмонов атындагы КР Улуттук Китепка-
насы. 2эт. № 57 каб. Тел: 30-46-79.