Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

РАЙКАН ШҮКҮРБЕКОВГО 110 ЖЫЛ

РАЙКАН ШҮКҮРБЕКОВГО 110 ЖЫЛ
26 Дек 2023
2023-жылдын 26-декабрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында акын, жазуучу, драматург жана чебер которомочу Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдык юбилейлик мааракесине арналган конференция жана акындын китептеринин көргөзмөсү болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Анатай Өмүрканов баштаган акын- жазуучулар, адабият, маданият ишмерлери, акындын урпактары катышышты. Белгилесек, Райкан Шүкүрбеков Таластын Ак-Чий айылында 1913- жылы туулган. Узак жылдар боюу ал Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын адабият бөлүмүн жетектеп, эл шайырларын окутуп, аларга куйкумдуу ырларды, санат термелерди, интермедияларды жазып берип, репертуарын байытып келген. Акындын “Жаркынай”, “Айдар”, “Жапалак Жатпасов”, “Жинди суу”, “Жер жөнүндө терме”, “Кыз жигит” сыяктуу бир катар чыгармалары эл оозуна алынган.