Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Региондорду йнЇктЇрЇЇ жылында коомдук китепканалардын ролу

29 Июн 2018
2018-жылы 27-июнда Жалал-Абад областтык китепканасында “Региондорду өнүктүрүү жылында коомдук китепканалардын ролу” аттуу Республикалык китепканалык Х Форум болуп өтөт. Форум саат 09.30дө башталат.
Форумдун уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коомдук китепканалар Ассоциациясы, Алыкул Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Жалал-Абад областтык китепканасы.
Х Форумдун негизги максаты – өлкөнүн региондорунун социалдык-экономикалык жана маданий турмушун өнүктүрүүдө жана жакшыртууда китепканалардын иштерин консолидациялоо болуп саналат. Азыркы мезгилде Кыргызстандын китепканаларынын өнүгүүсү төмөндөгү багыттагы жаңы ченемди белгиледи: информациялык-коммуникациялык технологияларды өркүндөтүү; медиялык-информациялык сабаттуулукту калыптандыруу; гуманитардык ченем; коомдун инновациялык маданиятын калыптандыруу; кыргызстандык коомдун улуттук жана руханий-маданий облигин/көрүнүшүн түзүү; окуунун экологиясын түзүү. Китепканаларды комплекстүү өркүндөтүү үчүн бүгүн мамлекеттик деңгээлде системалык мамиле жана жаңы жагымдуу шарт түзүү талап кылынат.
Республиканын китепканалык коомчулугунда Форумду жыл сайын өткөрүү салтка айланып калды. Республикалык китепканалык Х Форумдун Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековдун жарыялаган Региондорду өнүктүрүү жылында өтүп жатышы айрыкча маанилүү.
Форумда Пленардык отурум болуп, ал 2 Секциялык бөлүктөрдө өтөт:
1 Секция – “Социалдык-экономикалык жана маданий жактан аймактарды өрчүтүүдө коомдук китепканалардын таасири”.
Бул Секцияда окурмандардын маданий жана информациялык деңгээлин көтөрүүдө областтык, райондук, айылдык китепканалардын ролу жана мааниси; тейлөөнүн жаңы формаларын ишке ашыруу жана киргизүү; жергиликтүү бийликтердин иштери жөнүндө калкты маалымдоо жана граждандык коомду калыптандыруу үчүн керектүү инвестицияларды тартуу жана китепканаларда коммуникациялык аянтчаларды ачуу; калктын бардык социалдык группалары үчүн информацияга жетүүдө бирдей шарт түзүү.
2 Секция – “Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүүдө китепканалардын ролу”.
Форумдун катышуучулары Ч. Айтматовдун чыгармаларын жайылтууда, коомдогу адеп-ахлактыкка жана гуманизмге тарбиялоодо, өзгөчө жаштарды, Ч. Айтматовдун каармандарынын духунда окурмандардын дүйнө таанымын жана моралдык критерийлерин калыптандырууда, ошондой эле өлкөнүн маданий турмушуна коомдук кызыгууга тартууда китепканалардын ролунун маанилүүлүгү жөнүндө маданий-агартуучулук иштерин талкуулашат.
Андан тышкары 7 областтын китепканачылары Жалал-Абад областындагы айылдык, райондук, шаардык китепканалардын иштери менен таанышып, тажрыйба алмашышат.
Ошондой эле Форумдун алкагында республиканын китепканалары үчүн Улуттук китепкана тарабынан иштелип даярдалган методикалык көрсөтмөлөр жана маалыматтык колдоо материалдары Форумдун бардык катышуучуларына таратылып берилет.
Форумдун жыйынтыгы боюнча Резолюция кабыл алынат, анда Региондорду өнүктүрүү жылынын программасын ишке ашырууда китепканалардын ролу белгиленет. Резолюциянын алкагында Республикадагы китепканалык ишти өркүндөтүүнүн мындан аркы планы кабыл алынат. Ошондой эле китепкана иштерин өркүндөтүүгө салым кошкон республиканын китепкана кызматкерлерин сыйлоо болот.
Форумдун алкагында, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан республиканын айылдык, райондук, шаардык, областтык китепканаларына жалпы суммасы 15 млн. сомдук китептер берилет. Берилген басылмалардын ичинде акыркы жылдары, кыргыз тилинде басылган тематикалык чоң спектрдеги жана илимий, көркөм адабияттар, энциклопедиялар, окуу куралдары камтылган.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, ошондой эле билим берүү жана маданият ишмерлери, 7 областтын айылдык, райондук, шаардык, областтык, республикалык китепканаларынын китепканачылары катышат.
Форум Жалал-Абад шаарында 2018-жылы 27-июнда өтөт.
Байланыш тел.: 0312 30-46-75; 0312 30-46-95.