Үстүбүздөгү жылдын 1-августунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын массалык маалымат бөлүмү жана кыргыз китеби бөлүмү “Үркүн – эстен кетпеген эл тагдыры” аттуу китеп көргөзмөсүн уюштурду.

Ошондой эле Ч. Айтматов атындагы конференция залында тарыхчылар, изилдөөчүлөр жана коомдук ишмерлердин катышуусунда Үркүн окуясынын себептери, жүрүшү жана кесепеттери тууралуу талдоо, пикир алышуу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Үркүн курмандыктары эскерилип, куран окулду.




Үркүн – бул өз мекенинен качкан миңдеген адамдардын өмүрүн алган, карапайым элдин кайгы-муңун, эркиндикке болгон умтулуусун чагылдырган элдик трагедия. Бул күндү эскерүү – эркиндик, ыйман жана адилеттүүлүк үчүн курман болгондорго таазим көрсөтүү.
Бул өткөрүлгөн иш-чара каргашалуу окуяны эскерүү жана келечек муунга тарыхый сабак калтыруу максатын көздөйт.
Бүгүн биз тарыхты унутпай, андан сабак алуу аркылуу келечекке жарык жол салууга умтулабыз. Кыргыз элинин жүрөгүндө терең из калтырган тарыхый трагедия – 1916-жылдагы Үркүн окуясы унутулбайт.