Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«®ркЇндЇн 100 жылдыгын татыктуу йткйрЇЇ – жалпы улуттук парзыбыз»

20 Мар 2014
2014-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Коомдук демилгелүү уюштуруу комитети менен биргеликте «Үркүндүн 100 жылдыгын татыктуу өткөрүү – жалпы улуттук парзыбыз» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана илимий конференция өткөрүлдү.
Максаты: 1916-жылкы Улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына байланыштуу эскерүү иш-чараларын өткөрүү боюнча коомдук демилгелерди ишке ашыруу жолдорун иштеп чыгуу.
1916-жылдагы жалпы элдик көтөрүлүш дүйнө тарыхынын эң эле трагедиялуу барактарынан. Анын кайгылуу жактары жана эбегейсиз кан төгүлүшү кыргыз жана жалпы эле Орто Азия элдеринин тарыхындагы эстен кеткис окуя болуп эсептелет.
Китеп-сүрөт көргөзмө “Үркүн” күүсүн угуу менен башталды. Белгилүү комузчу, ырчы Нурак Абдрахманов ушул күүнү чертүү менен иш-чара башталды. Жеңишбек Жунушалиев, тарых илимдеринин доктору, профессор Ж. Жакыпбеков, Т. Шейшеканов, С. Дыйканов, Б. Абдыразаков, Н. Кыдырмышев, Т. Токтогазиев, жазуучу Б. Максүтов, Жогорку Кеңештин депутаты К. Иманалиевдер сөз сүйлөшүп, төмөнкүлөргө токтолду. Үркүн боюнча жалпы маалымат берилип, 1916-жылдагы улуттук көтөрүлүштүн тарыхына, анын өбөлгөлөрүнө себептерине, “Өткөндү унутсаң, кайра ошого туш келесиң” аттуу темада жарыш сөздөр сүйлөндү.Улуттук боштондук үчүн эң трагедиялуу окуя – 1916-жылдагы Үркүн трагедиясы. Анда жүз миңдеген мекендештерибиз падышалык Россиянын колониалдык саясатына каршы күрөшүп, улуттук каармандыкты көрсөтүшүп бейкүнөө набыт болушту. Канча миңдери али күнгө чейин мусулман баласы катары кутпасы айтылып, куран окулуп көмүлбөй Кытай тарапка кеткен ашууларда кала берген. Бир жарым жылдан кийин Үркүн окуясына 100 жыл болот. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тийиштүү токтому кабыл алынган. 1916-жылдын 100 жылдыгына чейин биз өз улуттук парзыбызды аткаруу үчүн мына ушул улуттук жыйынды өткөрүп жатабыз.
Үркүн – бул улуу кайгы. Биз, бул улуу кайгынын 100 жылдыгы астында Кыргыз Республикасында жашаган бүт мекендештер биригип, ынтымакта, улуттук жоопкерчиликти бийик сезип, татыктуу өткөзүүгө чакырабыз деп өз ойлорун айтып өтүштү. Иш-чара “Кайран эл” ырына тартылган тасманы көрүү менен аяктады.
Көргөзмөнүн экспозицияларына көптөгөн китептер, газеталык публикациялар, интервьюлар, тарыхчылардын изилдөөлөрү, документалдуу сүрөттөр, уникалдуу тарыхый материалдар, бул окуяга арналган кыргыз авторлорунун эмгектери коюлду.
Өткөрүлүп жаткан көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик, коомдук, саясий ишмерлер, илимий жана маданий кызматкерлери, чыгармачыл инсандар, студенттер жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Көргөзмө катышуучулар тарабынан кызуу колдоого алынып өз максатына жетти.