Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Рухту көтөргөн улуу жазуучу — Төлөгөн Касымбеков

Рухту көтөргөн улуу жазуучу — Төлөгөн Касымбеков
03 Фев 2026
Бүгүн, 3-февралда А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Ч. Айтматов залында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдык мааракесине карата “Рухту көтөргөн улуу жазуучу” аттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага залкар жазуучунун уулу Расул Касымбеков, туугандары, неберелери, жазуучу, драматург, коомдук ишмер Бактыбек Максүтов, Кыргыз эл акындары Тынчтыкбек Нурманбетов, Карбалас Бакиров, Тазагүл Закирова, акындар Бүайша Арстанбекова, Догдурбек Юсупов, Жумадин Кадыров, журналист Жаналы Нурманбетов, талдоочу, публицист, котормочу Жыргалбек Касаболотов жана окурмандар катышты.
Массалык маалымат жана маданият программалар бөлүмү уюштурган иш-чара фойедеги китеп көргөзмөдөн башталды. Залкар жазуучунун сүрөттөрү, орден, медалдары, китептери жайгаштырылды.
Эскерүүдө акын, жазуучу, коомдук ишмерлер Т. Касымбековдун «Адам болгум келет» повести 1965-жылы «Советский писатель» басмасынан орус тилинде басылып чыкканын, «Сынган кылыч» тарыхый романы да орус тилине которулганын, кийин (1980-жылы) англис тилинде жарык көргөнүн, азыр да бул баалуу китептер актуалдуулугун жоготпогонун айтышты. Ошондой эле алар Кыргызстандын тарыхын баяндаган «Келкел”, «Сынган кылыч» романдарын, чыгармаларын кийинки муунга жеткирүү ар бир кыргыздын милдети экендигин баса белгилешти.