Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

С.Омурбаевдин 85 жылдыгына арналган китеп-сурот коргозмосу жана китептеринин бет ачары болуп отту

28 Ноя 2015

2015-жылдын 25-ноябрында саат 11:00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз эл жазуучусу, көрүнүктүү прозаик, акын, котормочу жана публицист Сагындык Өмүрбаевдин 85 жылдыгына арналган «Нагыз дулдул жазуучу» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана анын «Улуу үркүн», «Тил табияты» жаңы китептеринин бет ачары болуп өттү.
Өз кезинде Т. Сыдыкбеков: “Жашы улам өр тарткан сайын жазуучу – көркөм дүнүйөнүн салмагын сезип, анын касиетин улам терең байкап, тек үстүртөн желип-жортпостон кечке таш омкоруп – “эки сап ыр тапкан” Алыкулдун салтын жолдоп, баамын байытып, бериле иштеп, романдан-романга өтүп, анын оор жүгүн көтөрүү нагыз дулдулдук деңиз” – деп таасын баа берген. Дал ушул Нагыз дулдул жазуучунун “Улуу Үркүн”, “Тил табияты” аттуу жаңы китептеринин бет ачарын жана китеп – сүрөт көргөзмөнүн ачылышына арналган иш чараны Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору, профессор Жылдыз Бакашова кириш сөз менен ачып берди.
Нагыз дулдул жазуучунун 85 жылдыгына арналган иш чарага учурдун дулдул жазуучулары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Акылбек Жапаров, КР Улуттук илимдер Академиясынын Вице Президенти А. Акматалиев баштаган бир катар мамлекеттик, коомдук ишмерлер, жогорку окуу жайлардын студенттери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келип катышты.
“Бороондуу күндөр” романын окуганда сен өзүндү унутуп саласың…. С. Өмүрбаев коркутайын деп жазбайт, бирок кай бир жерлеринен коркуп турасың. С. Өмүрбаев сени күлдүрөйүн деп атайылап жазбайт, бирок тегирмендеги үзүндүнү окуганда бооруң катып күлөсүң. С. Өмүрбаев сени тамшандырайын деп максат кылбайт, бирок көп жерлерин окуганда аккан суу, жашыл жайлоо, сүйлөнгөн сөздөр, иштелген иш, көрсөтүлгөн эрдик… сени аргасыз тамшандырат. Анын жакшы касиети – айтпайт, аракеттентет, мактабайт, мактоого татыктуу кылат, кыска, аз сүйлөп көп айтат. – деп Н. Байтемиров жазуучунун чыгармаларына дагы адамдык улуу касиетине дагы тамшанып, суктангандай эле келген катышуучулардын бардыгы С. Өмүрбаевдин жашоосуна сүңгүп кирип, кеңири маалымат алып, бир эргип алышты. Чыныгы талант эч убакта, эч качан өлбөй тургандыгына дагы бир жолу ынанып кайтышты.
Иш чара Бишкек шаардык Мэриясынын алдындагы “Доор” ансамблинин жана Т. Сатылганов атындагы КР Улуттук Филармониясынын солисттеринин чакан концерттик программасы менен жыйынтыкталды.
Негизинен иш-чара басма сөз, радио берүүлөрдөн чагылдырылып, максатына жетти