Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

С. Табышалиевдин 90 жылдыгы

13 Мар 2018
А. Осмонов атындагы КР УК 2018-жылы 15-мартта Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө окумуштуу, тарыхчы Салмоорбек Табышалиевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгына карата китеп — сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.
Салмоорбек Табышалиев 1928-жылы Сокулук районунун Кызыл-Туу кыштагында дыйкандын үй- бүлөсүндө жарыка келген.
Кыргыз совет тарыхчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор, 1974- жылдан Кыргыз ССР ИАнын корреспондент мүчөсү, 1976-жылдан вице-президенти, 1946-жылдан баштап КПССтин мүчөсү.
1946-жылы Кыргызстан мамлекеттик пед. институтун бүткөндөн соң анда окутуучу, СССР ИАнын Кыргыз филиалынын илимий кызматкери, Москва мамлекеттик пед. институтунда аспирант, СССР ИАнын Кыргыз филиалында илимий кызматкер жана КМУда окутуучу, КП БКга караштуу Партия тарыхы институтунун директоруна орун басар жана сектор башчысы, Кыргызтан ЛКЖС БКнын секретары, Кыргызстан КП Биринчи Май райкомунун биринчи секретары, КМУнун ректору кызматтарды аркалап келген.
Табышалиев Салмоорбек- Кыргызстан КПнын тарыхы, Кыргыз ССР тарыхы боюнча адис. Кыргызстандагы социалисттик жана коммунисттик курулушка, комсомолго, жогорку окуу жайларынын тарыхына арналган 50дөн ашык илимий эмгектин автору. 20дан ашык илимдин кандидатын, докторун даярдаган. Кыргызстан КП БКга мүчө, Кыргыз ССР Жогорку Советинин председатели, Совет-монгол достук коомунун Кыргыз бөлүмүнүн председатели, Кыргыз ССР Жогорку Советине 6-9 шайланышына депутат, Кырыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, эки “Ардак Белгиси” ордени жана медалдар ошондой эле МЭРдин үч медалы менен сыйланган.
Бул китеп көргөзмөгө С. Табышалиевдин өмүр баяны, ал жөнүндө жазылган макалалар. өзүнүн жазган статьялары жайгаштырылды.