2015-жылдын 27-ноябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын эл акыны, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыз поэзиясынын классиги, котормочу Сүйөркул Тургунбаевдин туулган күнүнүн 75 жылдыгына арналган
«Адеми ыр айбары арген мисал,
Жагымына жаханды багындырар.
Атына заты батпай айкөлдөнгөн,
Ачык айтсак акынга Теңир да зар», –
аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана чыгармачыл жолугушуу кечеси өткөрүлдү.
Классик акындын чыгармачылык жолугушуу кечесине ыр күйөрмандары менен катар чакырылган коноктор Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Союзунун төрагасы Акбар Рыскулов, Кыргыз эл акыны Г. Момунова, Т. Мамеев, Э. Эрматов, Кыргыз эл жазуучусу А. Жакшылыков, Меңди Мамазаирова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Садык Шер-Нияз, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Бактыбек Секимов баштаган бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдин жана маданияттын кызматкерлери, акын-жазуучулар, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Акындын 75 жылдыгына арналган жолугушуу кечени Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору, профессор Жылдыз Бакашова кириш сөз менен баштап берди.
“Тирүүлүктүн көркү сый” деп Арстанбек Буйлаш уулу айтып кеткендей чыгармачылыктын ары түйшүктүү ары татаал жолунда талыкпай иштеп, тажабай эмгектенип тер төгүп, бүгүнкү күндө калың кыргыз журтчулугунда зор кадыр баркка ээ болуп отурган акындын чыгармачылыгын сыйлап келген меймандар биринин артынан бири чыгып сөз сүйлөп, жакшы тилектерин билдирип жетине албай сүйүнүп олтурушту. Кыргыз эл акыны Т. Мамеев баса белгилеп өткөндөй бир кезде оор шартта жашап, жетимдиктин зарын тартып, ошол муундун тагдырын, ошол муундун кайгысын, зарын, муңун жазган ырлары башкача, өзгөчө экендиги айтпаса да белгилүү. Ал нагыз чыныгы поэзиясы менен унутулуп бара жаткан сөздөрдү колдонуп ыр жазган акын экендиги талашсыз.
Ал эми А. Жакшылыков өз сөзүндө С. Жусуев, А. Осмонов, сыяктуу акындарсыз кыргыз поэзиясын элестете албайбыз, С. Тургунбаев 50-жылдардагы кыргыз поэзиясын асырап келе жаткан акын деген пикирин билдирди.
Жалпылап алганда акын жеке эле ыр жазуу менен эмес көркөм котормо өнөрүндө да эмгектенип, Навоинин, Аль Фарабинин, Абайдын, Машраптын, Шевченконун, Лермонтовдун чыгармаларын, Е. Евтушенконун «Эне жана нейтрон бомба», Вознесенскийдин «Лонжюмо» поэмаларын, «Араттар ыры» деген моңголдордун поэзиясын которгон.
Акындын «Рух поэзиясынын сыры» жана «Бир сырдуу акын» илимий китептери жарык көргөн.
С. Тургунбаев эмоцияга бай, ой жүгүртүүнүн орбиталарын кеңейткен «Асман сөз», «Эйдос дүйнө», «Фаэтон» сыяктуу философиялык поэмалары менен кыргыз поэзиясына жаңылыктарды кийирип, интеллектуалдык деңгээлин жаңы баскычка бийиктеткен новатор акын.
Казакстан калк акыны М. Шаханов менен Кыргыз эл акыны Р. Рыскулов C. Тургунбаевди азыркы поэзиянын классиги деп баа беришкен.
Автордун Кыргыз поэзиясынын өнүгүшүнө кошкон эмгеги жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны, эл аралык Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сыйлыктын лауреаты, «Эл агартуунун отличниги» ж.б. сыйлыктар менен сыйланган.
Өткөрүлгөн иш-чара басма сөз, радио берүүлөрдөн чагылдырылып, максатына жетти.