Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Сагын Наматбаевдин 80-жылдык юбилейи

14 Мар 2013

Кыргыз эли байыртадан көркөм сөз өнөрүн аздектеп, баалап келет.

Кыргыз адабиятынын келечек максаттарын туу тутуп, пайдубалын түптөгөн жана анын деңгээлин улам алдыга сүрөгөн жазуучуларыбыздын чыгармачылыгын, эмгек жолун калың элдин катмарына жайылтуу азыркы учурдун талабы болуп эсептелет. Анткени, элдин маданиятын жогорулатуу-мамлекетибиздин пайдубалын бекемдөөнүн бирден бир жолу экендигин мезгил өзү тастыктап жатат.
Улуттук китепкананын “Кыргыз китеби” бөлүмүнүн окуу залында 2013-жылдын 15-мартынан 1-апрелге чейин коомдук ишмер, жазуучу, публицист, котормочу Сагын Наматбаевдин 80-жылдык юбилейине карата “Көөнөрбөс эмгек, көркөм чыгармачылык” деген темада көргөзмө уюшулду.
Көргөзмөдө жазуучунун көптөгөн чыгармалары, эскерүүлөр, пайдалуу кызыктуу окуу куралдары менен жабдылды.
С.Наматбаев кайсы гана кызматтарда иштебесин, ал жаратылыш тартуулаган жазуучулук таланттын бапестеп багып өстүрүп кастарлаган. Чыгармачылык ишин 1949-жылы башталган. Жазуучунун калеминен “Эки дүйнө — эки жаштык”, “Укмуштар өлкөсүнө 22 күн” жана башка китептери жаралган.
Ал кыргыз элине жазуучу катары эле эмес, чебер котормочу катары да кеңири белгилүү. Орус элинин классикалык чыгырмаларын кыргыз тилине которуп, адабият сүйүүчүлөрүнө тартуулаган.
Кыргыз милиция энциклопедиясынын да авторлорунун бири.
С.Наматбаев өзүнүн котормолоруна нукура элдик тилдин көркөм каражаттарын чебер колдонуп, кыргыздын реалисттик котормосун жаңы касиеттер, туюнтмалар менен байыткан.
Анын Мекенине сиңирген эмгеги коомчулук тарабынан жогору бааланып Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын элге билим берүү отличниги деген ардактуу наамдарга татыктуу болуп, эки жолу Ардак белгиси ордени, медалдар менен сыйлананган.
1976-жылы ички кызматтын полковниги деген атайын аскердик наам берилген. СССР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Бишкекте анан атында ИИМдин музейи ачылган.
Көргөзмө акындын жарык көргөн чыгармалары, замандаштарынын эскерүүлөрү жана башка көптөгөн ал жөнүндө маалыматтар менен камтылды.