Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Салижан Жигитовдун 75 жылдыгына арналган китеп-сурот коргозмосу

19 Мар 2011
{mosimage}Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Мезгилдүү басылмалар бөлүмүндө 18-мартта саат 11:00 дө белгилүү жазуучу, сынчы Салижан Жигитовдун 75 жылдык юбилейине арналган“Көп кырдуу сүрөткер” аттуу китеп-сүрөт көргөзмө болуп өттү.Көргөзмө “Орошон ойчул, залкар окумуштуу”, “С.Жигитов акын, жазуучу жана публицист”деген бөлүмдөрдөн турат. Мында Салижан Жигитовдун өмүр баянынан баштап өмүрүнүн аягына чейинки материалдар коюлган. Айрыкча кыргыз адабиятындагы көрүнүктүү сынчы, котормочу, акын катары анын китептери, публицистикалык материалдары, интервьюлары, сыйлыктары жана сүрөттөрү көргөзмөнүн көркүнө көрк кошту.Улуттук китепкананын директору, профессор Бакашова “Шуулдаба теректер, теректерим”… деген эл оозунда хитке айланып кеткен ыр саптары менен ачты. Маданият жана маалымат министринин орун басары Кожогелди Кулуев акындын

Акыркы жалбырактар түшүп жатат,

Биринчи аппак карга аралашып
деген поэтикалык ыр саптары менен сөздөрүндө эскерди. Филология илимдеринин доктору, академик Бүбүйна Орузбаева, Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиев сынчынын калган кол жазма эмгектерин баарын чогултуп китеп чыгаруу идеясын билдирди. Улуттук Илимдер Академиясынын мүчөсү, коомдук ишмер О.Ибраимов Жигитовдун, Тыныстановдой күчтүү агартуучулук жаңы образдарын ачып берди. Кыргыз Эл акыны М.Абылкасымова кошуна жашап, өзгөчө үй-бүлөлүк мамилелери тыгыз экенин айтып, маркумдун көзү тирүүсүндө көптөгөн ырларын, архивдик материалдарын мага берчү деп Жигитовдун тамашакөй сапаттарына токтолуп,икаяларынан мисал келтирип эскерип алды. Аягында өмүрлүк жубайы Кимия Токтосунова көргөзмөнү уюштурган жамаатка, коомдук ишмерлерге, тагдырлаш акын-жазуучуларга, студенттерге, китепкананын кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди. Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенттери тарабынан С.Жигитов боюнча атайын арналып чыгарылган “Жаңы Кыргызстан Маданияты” гезити бекер таратылды.Массалык маалыматтык каражаттарынын өкүлдөрү замандаштарынан интервью алышты.”Көп кырдуу сүрөткер” аттуу китеп- сүрөт көргөзмө өзүнүн ой- максатына жетти.
{mosimage}{mosimage}{mosimage}