2016-жылдын 26 октябрында Алыкул Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында КР УИАнын мүчө-корреспонденти, тарых илимдеринин доктору Санжарбек Данияровдун 85 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү коюлду.
Кыргыз элинин тарыхынын өнүгүп-өсүшүнө өз салымын кошкон белгилүү окумуштуу С. Данияров 1931- жылы 25- октябрда Кемин районундагы Шабдан айлында туулган. Атасынан эрте калган Санжарбек 12 жашында эле “Кызыл Өрөөн” колхозунда уйчу болуп иштеп, үй-бүлөсүн багууга жардамдашкан.
Орто мектепти бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик пединститутунун тарых бөлүмүн артыкчылык диплому менен ийгиликтүү аяктап (1949-1953), Ош пединститутунда 1953-1954- жылдары мугалим болуп иштеген. Жаш педагог өзүнүн болгон далалатын,
С. Данияров Илимдер Академиясы уюшулгандан баштап, тарых институтунда кенже илимий кызматкер болуп эмгекетенип, 1963-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Ошол жылдан баштап 1969-жылга чейин КП БКда бөлүм башчынын биринчи орун басары, Кыргыз ССР Министирлер Советинин алдындагы басмакана иштери боюнча комитеттин төрагасы, Кыргыз маданият министринин биринчи орун басары болуп иштеген.
Ал 1970- жылдан тартып Кыргыз Илимдер Академиясында илимий кызматкер, сектор жана бөлүм башчысы, директору болуп эмгектенип, 1982-жылы тарых илимдеринин доктору, 1986-жылы профессору деген илимий даражадан, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө- корреспонденттигине шайланган.
С. Данияров өз мезгилинде кыргыз элинин маданиятын изилдөөдө көрүнүктүү адис катары калың журтчулукка таанымал. Ал 150дөн ашык илимий жана илимий популярдуу, анын ичинен 7 көлөмдүү монографиянын, 10 коллективдүү эмгектин, “Кыргыз ССР тарыхынын” 2-4 – басылышынын автору. Анын калемдештери К. Оторбаев жана К. Рахмановдор менен биргелешип жазган Кыргызстан жөнүндөгү илимий-популярдуу эмгеги англис, немис, франсуз, испан, араб тилдерине да которулуп жарык көргөн.
Окумуштуу коомдук-саясий, тарыхый окуу-методикалык адабияттарды, коомдук илимдер боюнча орус-кыргыз сөздүктөрүн редакциялоодо да көп эмгек жумшаган.
“Илим акыл булагы, билим өнөр чырагы” – деп эл макалында айтылгандай анын жетекчилиги менен докторлук, кандидаттык диссертацияларын коргогон илимий кызматкерлер бар.
Көргөзмөгө анын китептери, жыйнактары, ага арналган окумуштуулардын китептери, макалалары, публицистикалык материалдар коюлду.
Дареги: А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасы
2-этаж № 57 каб. Тел: 30-46-79