Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Сауд Аравия таануу жана маданият борборунун салтанаттуу ачылышы

22 Фев 2016
2016-жылдын 25-февралында саат 11:00дө Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында Сауд Аравия таануу жана маданият борборунун салтанаттуу ачылышы болот.
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасы билим берүү, илим жана маданият тармактарында көп тараптуу жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө активдүү позицияны ээлеп келе жатат.
Сауд Аравия таануу жана маданият борбору Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Сауд Аравия падышачылыгынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн натыйжасында Элчиликтин 60 миң АКШ долларлык каржылык колдоосу менен ачылды.
Бул Борбордун ишинин негизги максаты – Кыргызстандын коомчулугу үчүн Сауд Аравиянын ар кыл чөйрөлөрдөгү информациялык ресурстарына жол ачуу, анын руханий мурастары, жетишкендиктери, бай илимий жана маданий потенциалы менен тааныштырууну, араб тилин үйрөнүүгө жардамдашууну көздөйт.
Элчиликтин жардамы менен Борбор жайгашкан бөлмө толугу менен капиталдык ремонту бүттү, атайын техника жана мебель коюлган видеозал, окурмандар үчүн зона, конференцияларды өткөрүүчү баары тийиштүү техника жана мебель менен камсыздалды, Залга дүйнөнүн картасы, Кыргызстандагы жана Сауд Аравия падышалыгындагы убакыттарды көрсөтүп туруучу дубалга илүүчү сааттар тагылды.
Китеп фондуна араб тилин үйрөнүү боюнча китептер, Падышалыктын тарыхы жана кооз жерлери, ыйык Мекке жана Медина шаарлары, ошондой эле башка шаарлары, архитектурасы, падышалык династиянын өмүр баяны, бул өлкөнүн мыйзам чыгаруучу бийлиги, информациялык технологиялары жөнүндө китептер, Сауд Аравиянын улуттук библиографиясы боюнча басылмалар, атластар, карталар жана компакт-дисктер коюлду. Көркөм адабий китептер жана балдар үчүн китептер да кеңири коюлду.
Келечекте Борбордо лекцияларды, жолугушууларды, видео-көрсөтүүлөрдү жана Сауд Аравия падышалыгы жөнүндө маалыматтын деңгээлин жогорулатууга, Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту чыңдоого өбөлгө болуучу башка иш-чараларды өткөрүп туруу белгиленип жатат.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын расмий адамдары, Бишкекте аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөр, маданияттын, илимдин жана билим берүүнүн ишмерлери, эл аралык уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары, жождордун студенттери жана кеңири коомчулук чакырылат.
Дареги: Бишкек ш., Ю.Абдрахманов көчөсү, 208
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, тел.: 30-46-95