Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө тарыхчы жана этнограф, Кыргыз ССР инин Илимдер Академиясынын академиги Сатар Ильясовдун 115 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү ачылды.

Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө тарыхчы жана этнограф, Кыргыз ССР инин Илимдер Академиясынын академиги Сатар Ильясовдун 115 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү ачылды.
29 Авг 2023

2023-жылдын 28- августунда, Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө тарыхчы жана этнограф, Кыргыз ССР инин Илимдер Академиясынын академиги Сатар Ильясовдун 115 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү ачылды.
Сатар Ильясов 1908 -жылдын 28 — августунда Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылында туулган. 1987- жылдын 31-мартында Бишкек шаарында каза болгон. Ал — тарыхчы, этнограф, тарых илимдеринин доктору( 1967), профессор(1968), Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын академиги (1969; мүчө корр. 1960)) ж.б. 1938-жылы Кыргыз Педагогикалык Мамлекеттик Институтун буткөн. 1939-1944-жылдары Ысык-Көл Райондук Элге Билим Берүү бөлүмүнүн инспектору, Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Иститутунда мугалим, кафедра башчысы, декан, 1944-1965-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын Тарых институтунда кенже илимий кызматкер, сектор башчы, директор, илимий кенешчи, 1966-1977-жылдары Кыргыз КП БК нын Партиянын тарыхы институтунда директор болуп иштеген. Кыргызстандагы агрардык маселеге, Ысык-Көл кыргыздарынын этнографиясын изилдөөгө арналган 100дөн ашык илимий эмгектин автору, үч «Ардак Белгиси», «Эл достугу» ордендери менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер(1975).