2020-жылдын 25-февралында саат 1100дө А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, семетейчи Сейдана Молдоке кызынын туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата “Семетейчи Сейдана – уникалдуу феномен ” аттуу китеп көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлөт.
Семетейчи Сейдана Молдоке кызы 1922-жылы Кетмен-Төбө өрөөнү, Көтөрмө айылында туулган. Айылдык жети жылдык мектепти бүтүргөн. Сейдана өтө жаш кезинен ырга, сөзгө жакын болуп, өзүда кези келгенде жамактатып ырдай коюп жүргөн. Сейдана жаш кезинде Атай Огомбаев менен айтышкан деген аңыз сөз бар. Сейдана «Семетей» айтып калышка башка манасчылардай эле түш көрүү менен байланыштырат. Анын түшүнө адеп улуу акын Токтогул кирип. «Манас» айт дейт. — «Айланайын Токо! Аял өтпөй Сейдана катуу ооруйт, түшүнө Семетей кайра-кайра кирип, эпосту айтууну талап кылат. Ушул мезгилде Сейдананын баласы чарчап калат. Муну ал эпосту айтпаганы үчүн түшүнө кирген баатырлардын (Семетей ж. б.) арбактарынын жазалосу катары түшүнөт да ээн калганда коңшу аялдарды үйүнө чакырып алып аларга айтып берип жүрөт. Муну кайнатасы билип калып: «Манасты» аял киши айткан эмес» — деп, Сейдананын эпосту айтуусуна катуу каршы болуп, таптакыр тыюу салат. Бирок, «Семетейди» эл арасында айтууга абдан ынтызарлаган Сейдана эл көп чогулган кайсы бир чоң майрамда үйүнөн качып чыгып, майрамга келген карыларга барат да алардын уруксаты менен алгач көп жыйындын астына чыгып өнөрүн көргөзөт. Анын «Семетейин» жактырган карыялар ак батасын беришет. Ушундан тартып үй-бүлөсүнүн тоскоолдугу токтоп, «Семетей» айтып калат.
Эпосту тереңдетип айтуу максатында Таласка бир нече жолу барып «Манас» эпосуна байланышкан андагы легендарлуу жер-сууларды бүт кыдырып, өз көзү менен көрүп чыгат. 60-жылдардын орто ченинде Фрунзе шаарына келип, эл акыны Алыкул Үсөнбаевдин үйүндө белгилүү артисттер, акындар манасчылардын алдында «Семетей» айтат. Мында чогулгандар, айрыкча, «Манас» эпосунун көп варианттарын кагаз бетине түшүргөн белгилүү манасчы Ыбырайым Абдыракман уулу Сейдананын талантына жогору баа берет. Сейдана эл чыгармачылыгынын көптөгөн кароо, конкурстарына катышып, башкы байгелерди жеңип алган. Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Манас таануу бөлүмү Сейдана айткан «Семетейдин» бардык эпизоддорун жазып алган. Анын вариантын жазып алууга илимий кызматкерлер Р. Сарыпбеков, О. Соороновдор катышкан. Эпостун айрым эпизоддорун семетейчи өзүда кагаз бетине түшүргөн. Сейдананын семетейчи болуп калыптанышына китептин, айрыкча 1959- жылы жарык көргөн белгилүү семетейчилердин варианттары боюнча түзүлгөн курама варианттын, таасири чоң. Китептин Сейданага таасир этүүсүн күйөөсү Үркүн Сейитбеков мындайча эскерген. Айылда мугалим болуп иштеп жүргөн Үркүн китеп жаңы жарыкка чыкканда сатып алат да бош боло калганда үн чыгарып баштан аяк көп сапар окуп чыгат. Анын окугандарын Сейдене ар дайым кунт коюу менен угуп жүрөт. Демек, жаш кезинен ырга, көркөм сөзгө шыктуу Сейдананын ичинде бугуп келген жашырын таланты эпостун укмушту дүйнөсү менен аралашып, ээ бербей сыртка ашып чыкканы талашсыз. Сейдана Молдоке кызынын вариантынын китеп менен жакындыгы көбүнесе сюжет курулушу жагынан байкалат. Бирок, ички көркөм касиети, мазмуну, айрым деталдары, мотивдери боюнча толук өзүнчөлүккө ээ. Сюжеттин ку¬рулушу жагынан да бүтүндөй эле китеп менен окшош эмес. Ал турсун айрым эпизоддор белгилүү варианттардын эч бирине окшошпогон өзгөчөлүккө ээ. Сейдана Молдокеева Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген артисти” (1994) — аялдардан чыккан сейрек кездешүүчү талант ээси, семетейчи Сейдана 2006-жылдын 24-мартында 86 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.
Көргөзмөгө мамлекетик жана коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын кызматкерлери, акын-жазуучулар, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.
Көргөзмөдө ал жөнүндөгү китептер, манасчылар жөнүндөгү китептер, газета-журналдык макалалар жайгаштырылды.
Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы
Тел.: 30-47-04