Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“ Семетейчи” ЖаЈыбай Кожек уулуна 145 жыл

23 Апр 2014
Жаңыбай 1869-жылы Жумгал районунда туулган. Атасы өз оокаты өзүндө болгон букара киши Жаңыбай атасынан он беш жашында жетим калып, өз чарбаларында эмгек кылып өсөт. Ал жыйырма тогуз жашка чыкканда Кетмен- Төбөдөгү эжесинин жанына көчүп, ошондо үйлөнүп, туруп калат. Бүткүл үй-бүлөсү менен колхозго мүчө болгон. Жаңыбайдын атасы, чоң атасы жана андан аркы аталары болуп, бардыгы “Манас”, “Семетей” айтып келишкен.Атасы да”Семетей” айткан. Ошентип буларда манасчылык атадан балага өтүп келген. Жаңыбай “Семетей”. “Сейтекти” гана айтат. Ал өзү “Семетейди” эч кимден угуп үйрөнбөдүм дейт. Бирок ал башка манасчылардан үйрнбөгөнү менен өз атасынан үйрөнгөнү шексиз.
Жаңыбай “Семетейди” айта баштоо менен катар, аш-тойлордо жарчы да болуп ырдай баштайт. Ал “Манастан” “Көкөтөйдүн ашын”. Чоң казатты” айтып жүрчү.
Семетейчи үчилтиктен башка да кенже эпостордон “Эр Табылды”, “Эр Төштүк” жана элдик поэма”Ак Мөөрдү” ошондой эле салт ырларын жакшы билген.
Манасчылардан Сагынбай менен жолугушуп, бирге ырдашкан кездери болгон.
Жаңыбайдын “Семетейи” стиль сюжет жагынан Сагынбайдын, Саякбайдын жана аларга жакын турган манасчылардын чыгармасынан башкачарак.Ал Семетейдин уулун Үмүтөй деп айтат. Сейтек Көкчөнүн уулу дейт. Кыясты Үмүтөйгө өлтүртөт. Семетей Тайбуурулду Көкчөнүн уулуна бербейт. Бирок Тайбуурулду Канчоро атайлап кызыл май кылып салгандыктан, уруш кезинде ал баспай калат да, Канчоро ошондон пайдаланып, Семетейди өлтүрөт. Башка манасчылар Семетейди бир гана тазга жолуктурса, бул кара таз, сары таз деген эки тазды айтат. Жаңыбайдын вариянтында мына ушул өңдүү башкаларда жолукпаган өзгөчөлүктөр бар.
Жаңыбай Токтогул, Эшмамбет.Курман ырчылар менен бирге жүрүп, таалим- тарбия алып, элге белгилүү чоң ырчы болуп таанылган.
Стиль жагынан ал күжүрмөн чабуулдарды эмес, турмуштук окуяларды, айрыкча муң-зарды, кыйынчылыкка учураган жерлерди узун жана кооз кылып айткан.
Көрүнүктүү фольклор жыйноочу К. Мифтаков манасчы-семетейчиден 1936-1937-жылдары 100 басма табак көлөмүндө “Семетей” эпосун толугу менен, “Манастан” кара сөз түрүндөгү “Манастын санжырасы” жана ыр менен айтылган “Манастын бала чагы” деген эпизоддорду жазып алган.
Анын”Семетейи” С. Каралаевдин, Тоголок Молдонун вариянттарына караганда сюжеттик өзгөчөлүктөргө бай.
Манасчы 1942-жылы Токтогул районундагы Өзгөрүш айлында дүйнөдөн кайткан.

Дареги: Бишкек ш. Ж. Абдрахманов көч. 208
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы
Тел. 30-46-79