Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Ш. Азизовдун 90 жылдыгына карата китеп коргозмо

19 Янв 2017
А.Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөч баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2017- жылдын 21- январында Шаабай Азизовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү уюштулулат.
XX кылымдын эң акыркы манасчыларынын бири КР эл артиси Шаабай Азизов 1927- жылы Ысык- Көл областында Ак-Суу районунда Кара-Бөлтөк, азыркы Кызыл Октябрь, айылында Азиз манасчынын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Бир атадан беш бир тууган болгону менен Шаабайдан башкасы “Манас” айтуу жөндөмүнө ээ болгон эмес.
Учурунда Азиз “Манас” жомогун уялаш агасы Чоюкеден үйрөнүп, атасы Өмүрдөн угуп, кара сөз менен айткан жомокчу болгон.
Ошентип атадан балага өткөн өнөр кесиби Шаабайдын бактысына туура келген. Чыгармачылык өмүр жолунда филармонияда иштеп жүргөн жылдарында далай манасчы, семетейчилеге жолугуп, алар менен бирге жүргөн убагы да болгон. Мамбетаалы, Мамбет, Молдобасан, Саякбай, Дункана өңдүү залкар адамдар менен баарлашкан. Өзгөчө замандашы Саякбай Каралаев менен жакын мамиладе болуп, анын манасчылык өнөрүнө тамшанат.
“Манас эпосун кантип айтып калдыңыз? – деген суроого Шаабай Азизов адегенде бир “түш көрдүм”, түш мен үчүн кандайдыр бир сыйкырдуу туюмду пайда кылды, эрксизден жан дүйнөм менен берилип, ошол күчкө жетеленип калдым” – деген эле.
Ш. Азизов 1944- 1962- жылдары Ысык-Көл областык драмтеатрда артист болуп иштейт. Ортодо 1952- жылы С. Каралаевдин чакыруусу боюнча Шаабай Азизиов Кыргыз Мамлекеттик филармонияга манасчы болуп кабыл алынат. Бирок турак-жайдын жоктугунан улам, манасчы кайрадан Ысык-Көл областык театрына кайтат.
Ш. Азизиов 1959-жылы Кыргыз Илимдер академиясынын кол жазмалар фондуна “Алмамбеттин казактардын Көкчөсүнө келиши”, “Көкөтөйдүн ашы”, “Эки баатырдын кармашы”, “Манастын өлүмү” атуу 8368 сап ырдан турган өзүнүн айтуусундагы “Манас” эпосунун ири окуяларын, 1961-жылы “Манас” эпосунун “Эр Сарык” (Сейтектин уулу) бөлүгүн өз колу менен кагазга түшүрүп, тапшырат.
1971- жылдын жай айларында Ш. Азизов өзүнүн вариантында “Манас” эпосунунун ар кайсы окуяларын айткан. Ошол айткандарынын ичинен “Сейтектен” 3842 сап ыр кагазга жазылып алынган. 1995-жылы апрель айынан тартып, ноябрь айына чейин Ш. Азизовдун вариантындагы “Манас” эпосунун: “Манас”, “Семетей”. “Сейтек” бөлүктөрү толугу менен манасчынын өз оозунан үн тасмага жаздырып алынат. Тасмага түшкөн манасчынын бул үчилтиги 100 000ден ашуун сап ырдан турат. 2006-жылы жарыкка чыккан “Шаабай” атуу китепке манасчынын айтуусундагы 1583 сап ырдан турган “Манас” эпосунун “Алмамбеттин жомогу” деген окуясы жарыяланган. Ш. Азизов “Алымсарык”, “Кулансарык”, “Кененим”, “Акаяр”, “Акжол баатыр” атуу “Манас” эпосунун кийинки бөлүктөрүн да айта алган. 1996 жылы Түркия мамлекетинин атайын чакыруусу боюнча Ш. Азизов өлкө ичин кыдырып “Манас” эпосун айтып келген.
Ш. Азизовдун өмүр-чыгармачылыгы жөнүндө: Т. Бакчиевдин, Р. Кыдырбаеванын, Ж. Орозобекованын илимий эмгектери кырыгз, орус тилдеринде жарык көргөн. 2012-жылы “Улуу баян” Коомдук фондусу тарабынан манасчынын “Манас” бөлүгү китеп болуп басмадан чыккан.
Ш. Азизов – ата- бабаларынан келе жаткан улуу өнөрдүн улантуучусу. Ал классикалык түрдөгү нагыз манасчылык өнөрдүн сактоочусу жана алып жүрүүчүсү катары эсептелинет.
Ш. Азизов КР Эл артисти (1994), “Манас” – 1000” медалынын ээси (1995).
Ш. Азизов 2004-жылы 13- декабрда дүйнөдөн каткан.