2014-жылы 22-августа Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө Шабдан Жантай уулунун 175 жылдыгына карата “Шабдан баатыр-нукура улуттук баатыр” атуу китеп көргөзмөсү ачылат.
Кыргыз элинин биримдигин чыңдоо менен катар, ыйык Ата Журтубузду, Ала –Тоону баскынчылардан сактап, тунук акылы, ак пейили жана адилет жүрөгү менен саясат жүргүзгөн улуу тарихий инсан Шабдан баатыр Жантай уулу 1839- жылы Кемин өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген.
Анын өмүрү жана саясий ишмердиги татаал тарыхый кырдаалга туш болгон.
Кыргыздар эзелтеден бери барктап келген элчилик өнөрдүн өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон Шабдан баатырдын дипломатиялык ишмердигинин башаты XIX- кылымдын 60- жылдарынын башына таандык. Шабдандын ынтымакка ылаажы болууга ар дайым ак дилден аракет кылганын падышалык чиновниктер баса белгилеп, 1875- жылы генералдар К.П Кауфман, М.Г. Черняев баш болгон падышы аскерлери Фергана өрөөнүн толук каратып алуу аракеттери күчөгөн кезде Шабдан кыргыздардан тышкары кыпчак, өзбек, тажиктер менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн демилгечиси болгон. Түркстан элдерин Россияга кошулууга сиңирген эмгегин падыша өкмөтү жогору баалап, полковник чинине тете милициянын аскердик старшинасы деген наам ыйгарган жана аны Пишпек уездинин башчысынын жардамчысы кылып дайындайт. Шабдан баатырга 4-даражадагы аскер ордени, Станислав жана Анна лентасына тагылган эки чоң алтын, Кокон хандыгын багындыруу урматына күмүш, Александр I-ни такка көтөрүү эстелигине арналган медалдар жана Кызыл Крест уюмунун белгиси о.э. 2 миң сом акчалай сыйлык тапшырылган.
Шабдан орус падышачылыгына каршы көтөрүлүштү басууга аракеттенүү менен бирге эле кыргыз урууларынын чарбасы жана маданиятындагы жаңы өзгөрүүлөрдү колдоп, айыл чарбасында айрым жаңы нерселерди киргизүү, багбанчылыкка, бал челек кармоого, дыйкачылык кылууга, үйлөрдү курууга үндөгөн. 1909-жылы Чоң Кеминде жаңы усунда сабак өткөрүүчү Шабдан медресесин ачтырып, бай- манаптардын балдарын Верныйдагы (Алматы) орус гимназиясына ж.б. окуу жайларга жиберген.
Ревалюцияга чейнки кыргыз тарыхы Осмонаалы Сыдык уулунун “Тарыхый кыргыз Шадмания” (Шабданга багышталган кыргыз тарыхы) деген эмгеги 1914- жылы Уфада басылып чыккан.
Шабдан баатыр башка манаптардан кең пейилдүүлүгү, меймандостугу, жөнөкөйлүгү менен айырмаланып, кыйналып- кысталгандарга жардам берүүдө, журт ичиндеги кагылыштарды тыюда ишти өтө кылдаттык менен адилет жүргүзө билген баамчыл адам болгон.
Шабдан баатыр 1912-жылы 6-апрелде Чоң кеминде каза болуп, сөөгү Кожоакмат деген жылганын оозундагы көрүстөнгө коюлган. Шабдан баатыр дүйнөдөн кайтканда топурак салууга 15 миңден ашуун адам келген.
Шабдан баатырга арналып Кемин районунун борборунда 2001-жылы 13-сентябрда айкели тургузулган.
Атактуу баатыр, айлекер дипломат Шабдан баатыр жөнүндө легенда муундан- муунга, ооздон- оозго өтүп, сакталып келе жатат.
Дареги: Ю. Абдырахманов көчөсү 208.
Сейрек кездешүүчү өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмү. 2-кабат № 57