Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Шабдан Жантай уулунун 180 жылдыгына карата “Тарых күүсүндөгү инсан” аттуу китеп сүрөт көргөзмөсү

Шабдан Жантай уулунун 180 жылдыгына карата “Тарых күүсүндөгү инсан” аттуу китеп сүрөт көргөзмөсү
23 Окт 2019

А. Осмонов атындагы КР УК сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2019-жылдын 24-октябрында Шабдан Жантай уулунун 180 жылдыгына карата “Тарых күүсүндөгү инсан” аттуу китеп сүрөт көргөзмөсү окурмандарга тартууланат.

Шабдан Жантай уулу 1839-жылы Чүй, Кемин өрөөнүндө жашаган сарыбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан манап, Жантай хандын уулу. Чүйдүн Көк-Жар жайлоосунда (азыркы Онбир-Жылга айыл өкмөтү) туулган. Беш жашка чыкканга чейин жакын туугандарында тарбияланып, кийин эр жеткенде жигит курап, эли-жерин коргоого киришкен. 1860-жылдын акырында Кокон хандыгынын колбашчысы Канат – шаага кошулуп Ташкентке барган. Узун-Агачтын жанындагы орус аскерлерине каршы урушка катышкан. Ташкент шаарын коргоодо көрсөткөн каармандыгы үчүн Кудаяр хан аны Түркстан шаарынын беги кылып дайындаган. Бирок Шабдан атасынын таасири менен кокондук бийликтен баш тартып, орус бийлигине ыктай баштаган. 1868-жылы июнь айында саяк уруусунун манаптары Осмон менен Койчу Тогуз –Тороо өрөөнүндөгү элди каттоодон өткөрүп жүргөн Токмок уездинин начальниги Г.С. Загряжскийге кол салып, анын катчысын, тилмечин жана эки болуш башчысын туткунга алышканда, Шабдан 200 жигити менен барып, аларды бошотууга катышкан. Орус падышалыгына кылган кызматы үчүн 1875-жылы 4-даражадагы Георгий крестине татыктуу болгон. 1876-1877- жылдары генерал Скобелевдин алайлык кыргыздарды кан төгүүсүз Россия империясынын карамагына өткөрүү ишине көмөк көрсөткөн. 1878-жылы жигиттери менен Ат-Башынын түштүгүндө орустардын чалгындоо отрядын коштоп жүргөн. 1883-жылы падыша Александр IIIнүн тактыга отуруу аземине катышып, аскер старшинасы наамын алган жана алтын саат менен сыйланган. 1884-жылы ага жылына берилүүчү 300 сом пенсия чектелген. 1909-жылы Чоң Кеминде жаңы усулда сабак өткөрүүчү медресе салдырган. 20-кылымдын башынан падышалык бийликтин Жети-Суу аймагындагы колониялык саясатына нааразычылык билдире баштаган. Бир нече жолу Николай IIнин өзүнө петиция жолдоп, 1910-жылы Узун-Агачта өткөн съезддин демилгечилеринин бири блогон. Шабдан 65 жашында ажыга – Меккеге барган. Шабдандын өмүр баяны, ишмердиги Осмонаалы Сыдыковдун “Тарых-й шадмания” атуу 1914-жылы Уфада басылып чыккан эмгкегинде жазылган.

Саясий жана коомдук ишмер Шабдан Жантай уулу 1912-жылы Кемин өрөөнүндө дүйнөдөн кайткан.
Эстелиги Бишкек шаарында жана Кемин шаарчасында орнотулган.

Бул китеп-сүрөт көргөзмөгө анын өмүр баяны, ал жөнүндө жазылган эскерүүлөр, газета -журналдарга чыгарылган статьялар жайгаштырылды.

Дареги: А. Осмонов ат. КР УК 2этаж № 57 каб. Тел: 30-46-79.