2025-жылдын 1-октябрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын маалымат-массалык жана маданий иш-чаралар бөлүмү кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, эл акыны, жазуучу жана публицист Шайлообек Дүйшеевдин чыгармачылык мурасына арналган адабий-көргөзмө уюштурулду.
Бул көргөзмө окурмандарды улуу калемгердин чыгармачылыгы менен жакындан тааныштыруу, жаңы муундун адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу жана улуттук руханий баалуулуктарды жайылтуу максатын көздөйт.
Көргөзмөгө акындын китептери, прозалык чыгармалары, публицистикалык макалалары жана ар кандай мезгилдик басылмаларда жарык көргөн маектери коюлду. Ошондой эле анын чыгармачылык жолун чагылдырган сүрөттөр, адабий изилдөөлөр жанга адабиятчылардын ой-пикирлери да окурмандардын назарына сунушталды.





Шайлообек Дүйшеев – кыргыз адабиятына өзүнүн терең философиялык чыгармалары, патриоттук жана коомдук маанидеги ой-толгоолору, жаштарга багытталган акыл-насааттары менен зор салым кошкон чыгармачыл инсан. Анын поэзиясында жана публицистикасында адамгерчилик, улуттук нарк-насил, тил жана маданият темалары өзгөчө орунду ээлейт.

Көргөзмөнүн негизги максаты – улуу акындын чыгармачылыгын окурмандарга жайылтуу, анын калеминен жаралган баалуу эмгектерди жаңы муунга таанытуу жана руханий мурасын урматтоо болуп саналат.
Бул көргөзмө улуттук адабияттын алтын казынасын таанытуу менен бирге, кыргыз коомчулугун руханий жактан байытууга салым кошот.