Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Шараф Рашидов: Личность и эпоха»

20 Ноя 2017
2017-жылдын 17-ноябрында саат 11.00дө Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында Өзбекстандын чыгаан саясий жана мамлекеттик ишмери, жазуучу Шараф Рашидович Рашидовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата «Шараф Рашидов: Личность и эпоха» деп аталган көргөзмө жана “Шараф Рашидов: портрет человека в эпохе и эпохи в человеке” деген китептин бет ачары болот.
Иш-чараны Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги, Кыргызстандын Улуттук китепканасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен уюштуруп жатышат.
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин «Мамлекеттик ишмер жана жазуучу Шараф Рашидовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндөгү» Токтомунун негизинде Өзбекстан Республикасында Ш. Рашидовдун 100-жылдыгы кеңири белгиленип жатат.
Ш.Р.Рашидов 1917-жылдын 6-ноябрында Жизак шаарында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жизак педагогика техникумун, Ташкенттеги Өзбек мамлекеттик университетинин филология факультетин, ЦКВКП(б) алдындагы Бүткүл союздук Партиялык мектепти (ВПШ) бүтүргөн. Эмгек жолун орто мектепте мугалим болуп баштаган, кийин 1937-1941-жж. Самарканд облустук «Ленин йўли» («Ленинский путь») гезитинде жооптуу секретарь, жооптуу редактордун орун басары, редактору болуп иштеген.
Ш.Р. Рашидов Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Москванын жанындагы салгылашта катуу жарадар болгон. Узакка дарылангандан кийин Өзбекстанга кайтып келип, республикалык басма сөз тармагында иштеген. 1944-ж. Өзбекстандын КП(б) Самаркан обкомунун секретары болуп партиялык ишке алынган, 1950-1959-жж. Өзбек ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы жана СССР Жогорку советинин Президиумунун төрагасынын орун басары болгон. 1959-ж. мартынан баштап- Өзбекстан КП БК секретары болгон.
Ш.Р. Рашидов башкарган мезгил Өзбекстандын тарыхындагы эң жакшы кездердин бири деп эсептелет. Ал кездерде Өзбекстан ылдам темп менен Борбордук Азиядагы региондук күчтүү лидер болгон ӨзбекССРи Ш. Р. Рашидовдун жетекчилиги менен чарбалык жана маданий тармактарда чоң ийгиликтерге жетишкен. Ал өзбектердин ар түрдүү кландарын жана улуттук азчылыктарды бириктире алган. Өлкөдө Навои, Заравшан, Янгиер, Гүлистан ж.б. жаңы шаарлар пайда болгон. Анын демилгеси менен Ташкентте метро курулган. Ал өнөр жай ишканаларында өндүрүмдүүлүк жогорулашына жана айыл чарбадагы түшүмдүн арбышына көп көңүл бурган. Ш.Р. Рашидов Ташкентте Азия жана Африка өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалдарын, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн жазуучуларынын жолугушууларын уюштурууга демилгечи болгон.
Ш. Р. Рашидовдун чыгармачылык иши 1945-жылыанын «Мой гнев» деген биринчи ырлар жыйнагынын чыгышы менен кеңири белгилүү болгон. Анын «Победители», «Сильнее бури», «Зрелость» деген романдарында согуш жылдарындагы жана согуштан кийинки мезгилдеги окуялар, чыгармалардагы каармандардын мүнөздөрүнүн кагылыштары, идеялардын жана көз караштардын карама-каршылыктары чагылдырылган. «Могучая волна» романы (1964) улуу Ата Мекендик согуштун жылдарындагы ооруктагы советтик адамдардын кайратмандыгына арналган. 1950-жылы Ш. Рашидов «Приговор истории»деп аталган публицистикалык макалалар жыйнагын чыгарган, 1967-жылы «Знамя дружбы» деген китеби жарыяланган. Рашидовдун сын макалалары совет адабиятындагы көйгөйлүү маселелерге арналган. Ш. Рашидовдун «Влюбился я» деген ырына чыгарылган обон (музыкасы — П. Бүл-Бүлоглы) «Песни-78дин» лауреаты болгон. Ш. Р. Рашидов 1949-1950-жж. Өзбекстандын Жазуучулар союзунун төрагасы болгон.
Республиканын партиялык уюмдарын жетектөөдөгү эмгеги үчүн Рашидов Ш. Р. эки жолу Социалисттик Эмгектин баатыры наамы менен сыйланган, 10 жолу Ленин ордени менен, Октябрь Революциясы ордени, Эмгек Кызыл Туу орденименен, эки жолу Кызыл Жылдыз ордени менен, «ардак Белгиси» ордени менен, көптөгөн медалдар менен сыйланган, ошондой эле ага Ленин сыйлыгы берилген.
“Шараф Рашидов: портрет человека в эпохе и эпохи в человеке” деген китепте анын авторлору Ш.Рашидовдун кызы Гульнара Рашидова жана небереси Данияр Камилов чейрек кылым бою өз республикасынын “кемесин” суу астындагы ар кандай аска таштардын арасынан, 60-80-жылдардагы саясий бороон-чапкындардан ийгиликтүү алып өткөн адамдын залкарлыгын жана трагедиясын ачып көрсөтүүгө аракеттенишкен. Китептен окурман Шараф Рашидов республиканын рулунда кантип 25 жыл бою отура алды экен деген суроого жооп алат.
Китептин дагы бир өзгөчөлүгү, Ш.Рашидовдун кандай киши экени ачып көрсөтүлгөнүндө эле эмес, ошону менен бирге эле ал жогорку даражадагы саясатчы катары иштеген заманга мүнөздөмө берилет. Окурман бул китептен анын каарманынын туулгандан өлгөнгө чейин басып өткөн жолунун баяндамасын окубайт. Авторлордун айтымында алар “ошол замандагы адамдын портретин жаратуу менен бирге эле ошол адамдын турмушу аркылуу ошол доордунпортретин тартышкан”.
Китепте Ш.Рашидовдун турмушунан алынган кызыктуу жана оригиналдуу фактылар берилген. Чыгармада чыгаан ишмердин үй музейиндеги, Өзбекстандын Борбордук кино жана фотодокументтер архивиндеги фото сүрөттөр пайдаланылган.
«Шараф Рашидов: Личность и эпоха» деп аталган көргөзмө 2 бөлүмдөн турат:
1. «Выдающийся сын узбекского народа»; («Өзбек элинин чыгаан уулу»);
2. «Шараф Рашидов: Грани судьбы и таланта».

Көргөзмөдө Ш.Рашидов жөнүндө материалдар, анын китептери, макалалары, фотодокументтер, Ш.Рашидовдун коомдук жана чыгамрачылык иштерин чагылдырган макалалар коюлат. Көргөзмөнүн алкагында ошондой эле Өзбекстандын көз карандысыздык жылдарындагы жетишкендиктери, республиканын туристтик потенциалы, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы түрдүү багыттагы мамилелеринин өнүгүшү да чагылдарылат.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын расмий адамдары, ЖК КР депутаттары, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, Бишкекте аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары, маданияттын, илимдин жана билим берүүнүн ишмерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жождордун студенттери жана кеңири коомчулук катышат.