Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Шаршеналы Абдылдаевдин 80 жылдыгы

19 Май 2017
2017-жылдын 12-майында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмүндө КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, котормочу Шаршеналы Абдылдаевдин туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмө эки бөлүмдөн турат: биринчиси акындын автордук китептери, экинчиси котормолору.
Ш.Абдылдаев Кемин районундагы Бейшеке айылында 1937-жылы 12-майда туулган. 1955-жылы Кичи-Кемин орто мектебин бүтүргөндөн кийин эмгек жолун Фрунзедеги айыл чарба машиналарын куруу заводунда жумушчу болуп иштеген. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тил жана адабият факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, 1961–1969-жылдары Кыргыз ССРинин радио уктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде көркөм адабият бөлүмүндө редактор, улук редактор, башкы редактордун орунбасары, 1969-жылы «Кыргызстан» басмасынын көркөм котормо редакциясында улук редактор, көркөм адабий редакциянын бөлүм башчысы, 1972-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода иштери боюнча мамлекеттик комитетинин басмалар боюнча башкармасында улук редактор, бөлүмдүн начальниги, 1983-жылдан СССР Жазуучулар союзунун адабият фондусунун кыргыз бөлүмүнүн директору, 1986-жылдан «Ала-Тоо» журналынын бөлүм башчысы, 1993-жылдан Кыргызстан Кинематографисттер союзунун уюштуруу-катчысы, 1995-жылдан республикалык «Китепсоода» бирикмесинин башкы директору, 1998–2008-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Редакциялык-басма бөлүмүндө кеңешчи, улук кеңешчи болуп иштеген.
1975-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун, 1961-жылдан Журналисттер союзунун, 1994-жылдан Кинематографисттер союзунун мүчөсү. Ш.Абдылдаевдин алгачкы «Жалын» атуу ырлар жыйнагы 1958-жылы жарык көргөн. Ал бир катар аңгеме, повесттердин автору. Ш.Абдылдаев У.Шекспирдин, А.Островскийдин пьесаларын, А.Чеховдун аңгемелерин, орус, украин, өзбек, нивхи, казак, башкыр акындарынын ырларын, ошондой эле 20дан ашуун көркөм фильмдердин тексттерин кыргыз тилине которгон. «Басма сөздүн отличниги», «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамдары ыйгарылган.
Китеп-сүрөт көргөзмөгө жазуучунун автордук китептеринен “Чьургун баатыр”, “Бийиктеги жылдыздар”, “Жетимишинчи жаз”, “Тогуз кайрык”, “Миң кыял”, “Жаңырык”, “Чагылган” жана котормолору коюлду.

Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч. 208
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.
Тел: 30-50-57