Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Шекербек Шеркуловдун 115-жылдыгы

02 Фев 2017
А.Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын маданият жана искусство бөлүмүндө 2017- жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын эмгек снирген артисти, комузчу Шекербек Шеркуловдун 115-жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү коюлган.
Таланттуу комузчу, ырчы жана обончу Ш. Шеркулов 1902-жылы Талас районуна караштуу Жон-Арык (мурдагы Кырк-Казак) айылында комузчунун үй-бүлөсүндө туулган. Ал комуз черткенди 10 жашынан баштап атасынан үйрөнгөн, 15–16 жашынан тартып майда күүлөрдү чертип, той-тамашаларда оозго алынып 20 жашында элге белгилүү болуп калат. Элдик лирикалык “Майчач”, “Ак чабак”, “Ак зыйнат”, “Күңөтай”, “Эй тобоо” деген ырларды ырдап, казактын “Кыз Жибек” аттуу дастанын, эпосторду айтып, өнөрүн элине тартуулаган.
Борбор калаабыз Бишкекте өткөн Элдик таланттардын республикалык кароо-конкурсуна катышып, комиссия тарабынан жогору бааланып, филармонияга артист болуп кабыл алынган. Алгач, эл аспаптар оркестринде ырчы, комузчу болуп иштеп, оркестрдин коштоосу менен Атайдын “Эсимде”,Абдыластын“Кызылатчандар”аттуу ырларын ырдаган.1963-жылга чейин филармонияда үзүрлүү иштеп, эс алууга чыккан. Бирок, өзүнүн сүйгөн өнөрүн таштабастан Кыргыз ИАнын жана Республикалык Эл чыгармачылык үйүнүн алдындагы комузчулар ансамблин уюштуруп, аны жетектеп, өнөрүн жаштарга үйрөткөн. Комузчунун өзүнүн “Жүрөк толкуйт”, “Жаштар маршы”, “Тынчтык күүсү”, “Кыз кыял”, “Карылыктын алды”, “Эсен бол”, “Эмгек бакыты”, “Гүлдөп өс” деген күүлөрү бар. Шеркулов таланттуу комузчу гана болбостон, обончу, ырчы катары да кыргыз аудиториясына таанымал. “Арзыкан”, “Бозойдун сүйгөнү”, “Эр жигит” аттуу ырлары элдик ырларга айланып, бүгүн да өз жүзүн жоготпостон муундан-муунга өтүп келе жатканы күбө. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген наам ыйгарылган. “Ардак Белги” орден жана бирнече медалдар, грамоталар менен сыйланган. Ал 1980жылы 22 апрелде дүйнөдөн кайткан.
Көргөзмөдө ал жөнүндө китептер, адабияттар жана сүрөтчүнүн альбомдору, репродукциялары орун алды

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч.,208. КР Алыкула Осмонов атындагы Улуттук китепканасы . МИБ. Тел.:30-46-96.