Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«ШУАР кыргыз адабияты»

28 Май 2014
«Шинжаң кыргыз адабияты» адабий журналы 1981-жылы негизделген. Алгач ал мезгилдик болуп чыкан. Кийинки жылдары эки айда бир жолу 8 форматтык болуп, 128 беттен турган басылмага айланды. Журнал ШУАР адабий көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин алдындагы ар башка тилде чыгуучу 11 журналдын бири. Бул бирикменин алдында мындан тышкары элдик адабиятчылар коому, музыканттар коому, бийчилер коому ж.б. 11 коом бар.
Журналдын алгачкы редактору жазуучу, журналист Рысбек Абыкан, андан кийин Сулайман Өмүр болгон. 1996-жылдан тартып азыркы учурга чейин белгилүү сынчы, журналист, коомдук ишмер Толкун Турду жетектеп келет.
«Шинжан кыргыз адабияты» Жуңгодогү кыргыз тилинде чыгуучу жалгыз адабий журнал болгондуктан, бул басылмада кыргыз турмушун ар тараптуу берүүгө аракет жасалган. Ошондуктан журналдын айдарлары (бөлүмдөрү) да ар тараптуу. Аларды атай кетсек:
1. Сөз бермети. Ырлар, поэмалар, дастандар;
2. Кара сөз каймактары. Ангеме, эргиме, очерк, повесть, роман ж.б.;
3. Түлөктөр. Балдарга арналаган бардык жанрды камтыйт;
4. Көгүлтүр экран. Комедиялар, драмалар, киносценарийлер;
5. Боордоштор адабияты. Казак, уйгур, өзбек, тажик, татар ж.б. элдердин адабияты;
6. Ардагерлер аянты. Бул айдарда адабияттагы, маданияттагы чыгаан инсандар, коомдук турмушка кошкон салымдары жөнүндө көркөм адабиятта чагылдырылышы берилет;
7. Жунгө адабиятынан. Байыркы жана азыркы замандагы ханзу жазуучуларынын түрдүү жанрдагы чыгармалары;
8. Дүйнөлүк адабият. Дүйнөлүк адабияттын ар кыл жанры камтылган. Мында Америка, Европа, Индия, Россия ж.б. камтылган. Бул айдарга Кыргызстан адабияты да кирет;
9. Адабият таануу жана адабий сын. Бул айдарда илимий изилдөөлөр жана адабий сынга байланыштуу түрдүү жанрдагы макалалар жайгашкан.
«Шиңжан кыргыз адабияты» журналынын эмгек жамааты 6 адамдан турат. Тиражы 7335. Бул Жунгодо жашаган кыргыздардын санына бөлгөндө ар бир 27 адамга 1 сандан тиет. Сан жагынан алганда Жунгодогу эң көп таркаган журнал болуп эсептелет.
Журнал мындан тышкары көптөгөн иш-чараларды аткарат. «Шиңжан кыргыз адабияты» журналынын «Жетиген» адабий сыйлыгы жылына 3 адамга ыйгарылат. Ошондой эле жылына бир жолу кыргыз калемгерлерин чогултуп (50-60 калемгер), адабияттагы жаңылыктар, өзгөрүүлөр, жаңы көз караштар тууралуу кыргыздын, ханзу, уйгурдун белгилүү мамандары дарстарды окушат.
Журналдын 30 жылдык мааракесине арналган 3 күндүк илимий жыйын өтүп, бул жыйынга Жунгонун ар тарабынан 160 адам катышып, жыйын Артышта өткөн.
Журналга эл каалап окуган, үзгүлтүксүз жарыяланып турган адабиятчылар көп. Алардын аттарын атай кетсек, жазуучулар: Рысбек Абакан, Сакен Өмүр, Турганбай Кылычбек, Турсун мырза, Абдыкадыр Токторов, Абдырахман Ысмайыл, Амантур Абдырасул, Турсун Жумалы, Калык макеш, Мамбеттурсун Матек, Өмүрзак Жекшенбай, Зунуналы Бектемир, Ташкен Абдырай, Нурдун Жунус, акындар: Амантур Байзак, Ибирайым Мамбет, Жумакун Мамбет, Мамбет Сабыр, Абдрашит Жакып, Мамбетасан Эрги, Жакыбали Баялиев, Асанбай Матили, Бекен Жумалы, Оргалча Кыдырбай, Абдрасул Алымкан, Ысмайыл Абылкабек.
Кыргызстандык окурмандарга ылайыктап, «Шиңжан кыргыз адабиятынын» 30 жылдык мааракесине арналган Жунго калемгерлеринин чыгармаларын сунуштаган атайын чыгарылыш кириллицага түшүрүлүп, Кыргызстанда бет ачары өттү.
«Шиңжан кыргыз адабияты» журналынын башкы редактору Толкун Турду бир нече журналдарды Улуттук китепканага тапшырды.
Мындан ары да маданий кызматташтык улана беремекчи. 2015- жылы кытайлык кыргыздарга жана кыргыз адабиятына арналган иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында өткөрүү тууралуу макулдашылды.