Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

®сйнбек Асаналиевдин 85 жылдыгына карата китеп кйргйзмйсЇ

15 Авг 2017
А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн окуу залында 2017- жылдын 18- августунда белгилүү окумуштуу тилчи, акын, аткаруучу, котормочу Үсөнбек Асаналиевдин 85 жылдыгына карата китеп көргөзмөсүнүн ачылышы болот.
Асаналиев Үсөнбек 1932-жылы 14- августа Ыссык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылында туулган.
Тилчи, акын, аткаруучу, котормочу,филология илимдеринин доктору (2004), КРнын билим берүүсүнө эмгке сиңирген кызматкер (1999) .
1956-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1956-1959- жылдары Дархан орто мектебинде мугалим болуп иштеген. 1959-1969- жылдарда КРнын УИАнын тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1971-жылы КМУнун кыргыз тил илими кафедрасынын окутуучусу, 1990- 1993- жылдары кафедра башчысы болуп эмгектенген. 1993- жылы Ыссык-Көл Мамлекеттик университетинде кафедра башчысы кызматында иштеп келген. Ү. Асаналиевдин “Кашка –Суу”, “Кең Каркыра”, “Карамолдону эскерүү”, “Өмүр”, “Сагыныч” атуу күүлөрү бар.
“Сөз сөөлөт” (1999), “Ой оомат” (2002), “Кеп кербен” (2002), “Арзуу” (2003), “Акылман үкү” (2004) жана башка чыгармалары бар. Ошондой эле Асаналиев Үсөнбек 1985-жылы Орус эл жомокторун, 1974-жылы Хакас эл жомокторун, 1987-жылы Беларус эл жомокторун которгон.“Ак сөз арбыбайт” (Алтай, Хакас, Тува жана Уйгур макал-лакаптарын) жыйнаган жана которгон.
1980-жылы Чыгыш элдеринин макал-лакаптарын которуп, жамы окурмандарга багыштаган.
Ү. Асаналиевдин Лобнор тилинин грамматикалык кыскача очерки, Талас районунун жазуу эстеликтери, Орхон-Енисей жазууларына машыгуу, Тунгус-манжур, монгол, байыркы түрк жана кыргыз тилинин кээ бир лексикалык параллелдери атуу ар кыл жылдарда жазылган эмгектери бар.
Ү. Асаналивдин кыргыз филологиясына сиңирген эмгегин баалап, медалдар менен сыйлаган.
Бул китеп көргөзмөгө анын өмүр баяны, чыгармалары, котормолонгон китептери, ал жөнүндө жазылган статьялар, журналдарга басылып чыккан кыскача чыгармалары коюлду.
Дареги: А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасы. 2-этаж. №57 кабинет. Тел: 30- 46- 79.