Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган “Тагдырым поэзия” аттуу китеп көргөзмө уюштурулду

Сооронбай  Жусуевдин 100 жылдык  мааракесине арналган “Тагдырым  поэзия” аттуу китеп көргөзмө  уюштурулду
15 Май 2025

2025-жылдын 15-майында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов атындагы “Кыргыз китеби” залында Кыргыз Республикасынын баатыры, Кыргыз эл акыны, Кыргызстандын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган “Тагдырым поэзия” аттуу китеп көргөзмө уюштурулду.
Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районуна караштуу Алай-Куу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар кыштагында туулган. 2016-жылы 4-февралда дүйнөдөн кайткан.
Орто мектепти аяктагандан кийин Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1943-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Ал И.В. Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөгөн жана 1945-жылдын 9-майындагы Улуу жеңиштен кийи Мекенине кайтып келип, өмүрүнүн аягына чейин чыгармачылыгын уланткан. Сооронбай Жусуев 50гө жакын ыр китептердин жана 11 томдук китептин автору.
I даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени, III даражадагы “Манас” ордени, “Даңк” медалдары менен сыйланган.
Көргөзмөдө Сооронбай Жусуевдин:
-ыр жыйнактары,
-прозалык чыгармалары,
— чыгармачылыгына арналган илимий эмгектер,
-томдуктары,
-архивдик сүрөттөр, өмүр баяны тууралуу макалалар коюлду.