Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаевдин 100 жылдыгына карата китеп көргөзмө уюштурулду.
Асанбек Оторбаев 1925-жылы Талас областынын Талас районундагы Чат-Базар айылында жарык дүйнөгө келген. КПССтин мүчөсү болгон. 1943-жылы январда, 18 жаш курагында фронтко кетип, кенже сержант, пулеметчу болуп, Ленинград жана 1-Украин фронтторунда салгылашка катышкан.
Немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы салгылашууларда тайманбастыгы жана эрдиги менен көзгө көрүнгөн эр жүрөк жоокерлердин бири болгон.
Согуш жылдарында көрсөткөн каармандыгы үчүн “Кызыл Жылдыз” ордени жана «Эрдик үчүн» медалы менен сыйланган. Асанбек Оторбаевге Советтер Союзунун Баатыры деген наам 1945-жылы 10-апрелде, ал курман болгондон кийин берилген.
Каарман жоокердин сөөгү Польшадагы “Боордоштор” мүрзөсүнө коюлган. Баатырдын эстелиги өзүнүн кичи мекенинде орнотулган жана Чат-Базар орто мектебине анын ысымы ыйгарылган.
Көргөзмө В. В. Санниковдун Б. Акунов которгон “Родинанын даңкы үчүн” китеби, “Кыргыз Туусу” газетасына жарыяланган “Эрдик адамды тандабайт, адам эрдикти тандайт” аталыштагы макала жана башка интернет булагынан алынган маалыматтар, сүрөттөр менен толукталды.
Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көрсөткөн баатырлар эч качан унутулбайт!