Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай ТЇлйбердиевдин эрдигинин 70 жылдыгы

28 Авг 2012
2012-жылдын 17-августунда саат 1100дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Мезгилдүү басмалар бөлүмүнүн залында кыргыз элинин эр жүрөк уулу, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигинин 70 жылдыгына арналган «Өлбөс-өчпөс атак даңк» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү, эскерүү кечесинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Китеп-сүрөт көргөзмөнү КР Улуттук китепканасынын директорунун илимдер боюнча орун басары Р. Б. Буларкиев ачып, ал Кыргыз жоокерлеринин ичинен эң биринчи болуп теңдешсиз эрдиги үчүн «Советтер Союзунун Баатыры» наамын алган Чолпонбай Түлөбердиевдин дүйнөдөн кайтканынын эрдигине быйыл 70 жыл болот. Таласта туулган Чолпонбай Түлөбердиев 1942-жылдын 6-августунда 20 жашында Воронеж согуш майданындагы Дон дарыясын кечип өтүп, 100–120 метр бийиктиктеги «Меловая гора» дөңсөөсүнө фашисттер тарабынан орнотулган ДЗОттон пулеметтун жамгырдай жааган огуна миңдеген советтик аскерлер туруштук бере албай турган кезде «Элим, Ата Мекеним, кыргызым» деп кыйкырып, өзү жарадар болсо да денеси менен Дзоттун амбразурасын жаап басып жыгылган.
Дон дайрасынан өтө албай жаткан Кызыл Армияга жол ачып берген, Чолпонбайдын бул эрдиги адам тарыхында мурда болуп көрбөгөн өзгөчө бир окуя, элин, жерин сүйгөндүктүн туу чокусу эле деп эскерип өттү.
Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны Шпота Л. А., академик И. Айтматов, согуш жана эмгек ардагерлеринин төрагасы Т. А. Токомбаев, медицина илимдеринин доктору, Ч. Түлөбердиевдин жердеши Нарбеков Оморбай, КР Эл артисти Д. Жалгасынова, генерал-майор А. А. Кошонов, Кара-Буура районунун акими А. Д. Осмоналиев, Шадыбеков Дөөлөтбек, А. К. Намазалиевдер сөз сүйлөшүп, Ч. Түлөбердиевдин эрдиги биздин азыркы гүлдөп өскөн келечегибизге түздөн-түз тиешеси бар экендигин, Кыргызстандан нечендеген жоокерлер кан майданга аттанып, мекен үчүн жанын, өмүрүн берип баатырларча курман болушкандыгын эскеришип, ошондой эле азыркы жаштарга эр жүрөктүүлүктү, кайратты каалашып жаштарды мекенди сүйүүгө чакырышты.
Кыргыз Эл акыны Г. Момунова өзүнүн “Чолпонбай” аттуу ырын көркөм чеберчиликте окуп берди. Ал эми Кубаныч Сатаев “Баатырларга таазим”, “Таласым” аттуу ырлардан аткарып берди. Эр жүрөк кыргыз баатырдын айкели азыр бир нече жерде тургузулуп, жалпы кыргызга эмес, башка канатташ элдерге дем берип келет. ДЗОТко төшүн тоскон жерде Селявное айлынын өзүндө жана Воронеж областындагы Лидский районунун борборунда орнотулган. Чолпонбайдын айылы атыккан мурдагы Чымгентте мемориалдык музейи ачылган. Селявное айылына Воронеж, Мичурин, Курск шаарларында окуган студенттер ар жылы 9-майда эскерүү үчүн, ошондой эле Харьков, Киев, Москва, Петербург шаарларындагы айрым студенттер да барып турушкан.
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Ө. Т. Бабанов жакында Воронеж областына барып, «Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев» атындагы мектептин ачылышына баатырдын айкелине гүлдесте коюп, айлынан мүрзөсүнө топурак чачып таазим этип келди.
Кыргыздын баатыры Чолпонбайга Семен Борзунов «Чабуулдан чабуулга» повестин, Федор Самохин «Таластык баатыр» очеркин, Касымалы Жантөшов «Чолпонбай» аңгемесин, Алыкул Осмонов «Чолпонбай» драмасын, Эргешбай Узакбаев «Чолпонбай» поэмасын, Эрнис Турсунов «Чолпонбай» операсынын либреттосун, Анатай Өмүрканов «Чолпонбай» поэмасын, Темирбек Токтогазиев «Эрдикке таазим» поэмасын жана көптөгөн акындар ыр дестелерин арнап жазышкан.
Китеп-сүрөт көргөзмөдө китептер, газета-журналдар, макалалар шкафтарга жайгаштырылды.
Көргөзмөгө согуштун жана эмгектин ардагерлери, кыргыз армия жоокерлери, акындар, жазуучулар, маданияттын, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Ч. Түлөбердиевдин жердештери жана коомчулук катышышты.