Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

СОВЕТТИК МУЗЫКА ИЗИЛДӨӨЧҮ, КЫРГЫЗ ССРИНИН ИСКУССТВОСУНА ЭМГЕГИ СИҢИРГЕН ИШМЕР ВИКТОР СЕРГЕЕВИЧ ВИНОГРАДОВДУН КИТЕП СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ

СОВЕТТИК МУЗЫКА ИЗИЛДӨӨЧҮ, КЫРГЫЗ ССРИНИН ИСКУССТВОСУНА ЭМГЕГИ СИҢИРГЕН ИШМЕР ВИКТОР СЕРГЕЕВИЧ ВИНОГРАДОВДУН КИТЕП СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ
19 Фев 2024
Алыкул Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын маданият жана искусство бөлүмү 2024-жылдын 19-февралында Советтик музыка изилдөөчү, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгеги сиңирген ишмер Виктор Сергеевич Виноградовдун китеп сүрөт көргөзмөсү койулду. Виноградов Калуга губерниясында 1899 – жылы 24-февралда туулган. 1922-жылы Москва консерваториясынын теория жана композиция бөлүмүн бүтүргөн. РСФСР композиторлор союзунун жана ЮНЕСКОнун элдик музыка боюнча эл аралык советинин мүчөсү болуп иштеген. Ал 300 гө жакын макаланын жана 10дон ашык китептин автору болгон. Анын жазган иштери “Советтик Кыргызстандын музыкасы”, “Кыргыз эл музыкасы”, “Атай Огонбаев”, “Муратаалы Күренкеев”, “Токтогулдун музыкалык мурасы”, ”Советтик чыгыштын музыкасы”. ”СССР дин улуттук музыкалык маданиятынын өнүгүү маселелери” сыяктуу жана башка эмгектери СССР элдеринин улуттук музыкасынын ар түрдүү проблемаларына, Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын элдик жана профессионал музыкасынын өсүш жолуна, тарыхына, айрым музыканттардын чыгармаларына арналган. Ошондой эле Индия, Гвинея өңдүү чет өлкөлүк элдердин музыкасына байланышкан бир канча монография, очерк жана эскерүүлөрдү жазган.
Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Виноградов жөнундө Алагушовдун “Кыргыз музыкасынын чалгынчысы” аттуу китеби чыккан.
Көргөзмөдө ал жөнүнүдө китептер, журналдар, сүрөттөр орун алды.