Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

АКЫН, ЖАЗУУЧУ КУРМАНАЛЫ САПАРБАЕВДИН «КЫЗЫЛ КИТЕП» РОМАН-ҮЧИЛТИГИНИН БЕТ АЧАРЫ.

АКЫН, ЖАЗУУЧУ КУРМАНАЛЫ САПАРБАЕВДИН «КЫЗЫЛ КИТЕП» РОМАН-ҮЧИЛТИГИНИН БЕТ АЧАРЫ.
21 Ноя 2023
Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана жазуучу Курманалы Сапарбаевдин «Кызыл китеп» роман-үчилтигинин бет ачар аземи болуп өттү. Китепкананын массалык малымат бөлүм башчысы Махаббат Молдалиеванын кириш сөзү менен ачылып, иш-чарага Кыргыз Республикасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары А. Аскарова, публицист, адабиятчы, коомдук ишмер жазуучу, публицист, көптөгөн китептердин автору М.Тентимишов, Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин профессордун милдетин аткаруучу, доцент, тарыхчы, тилчи Г. Жаманкулова, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н. Калыбеков жана башка жазуучулардын катышуусунда болуп өттү.