Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Сулайман Маймуловдун 85 жылдыгына арналган китеп-сЇрйт кйргйзмйсЇ

10 Мар 2017
2017-жылдын 9-мартында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмүндө акын Сулайман Маймуловдун туулган күнүнүн 85 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Акын Сулайман Маймулов Кемин районундагы Уч-Урук айылында 1932-жылы 8-мартта туулган. 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин филология факультететин бүтүргөн. 1954-жылдан “Жаш Ленинчи” журналында алгач адабий кызматкер, бөлүм башчы , 1955-1956-жж. ВЛКСМ Борбордук Комитетинин Москвадагы комсомолдук мектебинде окуган. 1957-1958-жж гезитинин адабият жана искусство бөлүмүн жетектейт. 1962-жылдан “Кыргызстан” басмасында улук редактор, көркөм адабият бөлүмүнн башчысы. Узак жылдар бою “Кыргызстан маданияты” гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеген.
С. Маймуловдун чыгармалары 1950-жылдан баштап жарыяланып, 1955-жылы биринчи ырлар жыйнагы “Бөбөктөргө” деген ат менен чыккан.
Анын чыгармалары союздук масштабдагы бардык республикалардын тилдеринде жана немис, болгар тилинде жарыяланган. Акындын калемине Омар Хайямдын, Абайдын, Пушкиндин, Лермонтовдун, Шекспирдин, Шаадинин ж.б. көп акындырдын котормолору таандык.
Ал Кыргызстан комсомолунун, Бүткүл союздук Ленин комсомолунун жана Кыргызстан Басма, полиграфия комитетинин Грамота, Ардак грамота, дипломдору менен бир нече жолу сыйланган. Кыргыз Республикасынынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. 1958-жылдан СССР Журналисттер, 1963-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Китеп-сүрөт көргөзмөгө акындын басып өткөн жолу боюнча төмөнкү аталыштагы китептери коюлду: “Бөбөктөргө”, “Мөмө”, Алмончок”, “Аптап”, “Адамдын жүзү”, “Айыл мейкини” ж. б.

Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч. 208
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.
Тел: 30-50-57