Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Сыйкырдуу музыканын ээси»

24 Окт 2014

2014-жылдын 24-октябрында саат 11.00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын мезгилдүү басылмалар бөлүмүндө композитор, профессор Алтынбек Жаныбековдун 80 жылдыгына арналган «Сыйкырдуу музыканын ээси» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт.

Көрүнүктүү композитор, кыргыз эл артисти А. Жаныбеков 1934-жылы 15-июнда Аламүдүн районундагы Ала-Арча айылында туулган. Ал М. Күрөңкеев атындагы мызыкалык-хореографиялык окуу жайын, 1962-жылы Алма-Атадагы консерваториянын теория-композитордук бөлүмүн бүтүрөт. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда доцент, профессор, 1993-жылдан Улуттук консерваторияда үзүрлүү иштеген.

Композитор 250дөн ашык чыгармаларды, оркестр үчүн фортепьянолук концертти кыргыз музыкасынын тарыхында биринчи болуп жазып чоң ачылыш жасаган.

Композитордун эң көлөмдүү симфониялык чыгармаларына «Т. Сатылгановдун эстелигине», «Ата-Журт» аттуу симфониясы жана симфониялык поэмасы, «Д. Шопоковдун эстелигине», «Менин Кыргызстаным», «Ак алтындуу айылда» деген симфониялык бийлери, 3 бөлүмдөн турган фортепьяно жана оркестр үчүн жазылган концерттин, 3 симфониялык увертюра, кантаталардын, «Даңктан Кыргызстан», «Кыргыз элине даңк» аттуу сонаталары кирет.

Булардан башка да кыл аспаптар жана фортепьяно үчүн жазылган бир нече ырлардын, романстардын, «Жаштар маршы», «Түндө», «Ак куу», «Ала-Арча», «Кыргызстан», «Күнөөлүүчө көздөрүң», «Улуттук гвардиянын гимни», «Издейм сени» жана башка камералы-аспаптык чыгармалардын, скрипка, фортепьяно үчүн «Мен кыргызмын», «Кыргыз жери» аттуу хорлор да композитордун калеминен жаралган. Ал «Караш-караш» кинофильмине жана «Балдар бойго жеткенде» деген спектаклге да музыка жазган.

Эмгеги жогору бааланып бир нече медалдар, Ардак Грамоталар, КРнын искусствого эмгек сиңирген ишмери, КРнын эл артисти наамдарына татыктуу болгон.

Көргөзмөгө А. Жаныбеков жөнүндөгү китептер, газета-журналдык публикациялар, фотодокументтер, нота материалдары коюлду.

Китеп-сүрөт көргөзмөгө мамлекеттик, коомдук ишмерлер, илимий, маданий, искусство чеберлери, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Дареги: Бишкек ш., Ю. Абдрахманов көч., 208.

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.
Тел: 30-50-57, 30-47-04.