Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Т. ®мйталиевдин 105 жылдыгына арналган «Элин сЇйгйн эр жЇрйк акын» аттуу китеп-сЇрйт кйргйзмйсЇ

02 Май 2018
2013-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу, басмалар бөлүмүнүн залында Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Темиркул Үмөталиевдин 105 жылдыгына арналган «Элин сүйгөн эр жүрөк акын» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.
Т. Үмөталиев 1908-жылы Ош областынын Аксы районундагы Төө-Жар айылында туулган. Ак-Суудагы балдар үйүндө тарбияланган, 1929-жылы Жалал-Абад педтехникумун бүтүп мугалим, райком комсомолдо бөлүм башчы, обком комсомолдо, «Кыргызстан пионери» газетасында редактор, «Ленинчил жашта» редактордун орун басары, Жазуучулар союзунун биринчи катчысы «Ала-Тоо» журналында редактор, метфонддо директор болуп үзүрлүү иштеген.
1940-1946-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Акындын чыгармачылыгы 1931-жылы «Кетменчи Туратбай» деген ыры менен башталган.
Т. Үмөталиевдин чыгармачылыгы негизинен 3 этапка бөлүнөт, Улуу Ата Мекендик согушка чейинки, согуш мезгилинде жана согуштан кийинки аралыкта көрсөтүлөт.
Анын 30-жылдагы «Мен сулуулук койнунда», «Пахта терими», «Майрамкан», «Асман биздики», «Ферганадан кайтканда» сыяктуу ырлары жана «Ырлар жыйнагы», «Гүлдөр өлкөсү» деген поэмалары, « Ажыдаар менен күн» тамсилдери таандык.
Согуш мезгилинде «Акеме берген антымды», «Танк», «Жигиттин ыры», «Баатырдын өлүмү», «Акыркы ок» чыгармаларын жазса, «Кубат» поэмасында өз көзү менен көргөн, башынан өткөргөн согуштук окуяларды камтыйт.
Ал эми согуштан кийинки жылдары «Тынчтык үчүн», «Советтик данктуу армия», «Балдарды биз коргойбуз», «Согуш болбойт» аттуу ырлар циклинде ар кандай тематикада арнап жазган.
Т. Үмөталиев аялдар темасына арнап «Айсулуу», «Жыпар», «Канышбек» сыяктуу поэмаларды, «Эки кыз», «Суу боюнда», «Анаркан» деген көлөмдүү ырларды жазган. Ошондой эле 60тан ашык очерк, ангемелердин жүздөй адабий сын макалалардын автору.
Акын орустун классик акын-жазуучулары Пушкиндин, Маяковскийдин, Тихоновдун, Янка Купаланын адабий мурастарын, Турсун-Заде, К. Кулиев, кытай акыны Эми Сяонун чыгармаларын кыргызчага которгон. Чыгармалары поляк, англис, немец, испан, француз, венгер, чех, румын, казак, өзбек тилдеринде да чыккан.
Кыргыз адабиятына сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси наамдары ыйгарылган, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, Ардак белгиси, Элдердин достугу ордендери, медалдар, Ардак Грамоталар менен сыйланган.
Китеп-сүрөт көргөзмөдө Т. Үмөталиевдин китептери, ал жөнүндөгү материалдар, макалалар, ой-пикирлер орун алган.
Адрес: г. Бишкек, ул. Абдрахманова, 208.
Национальной библиотеки Кыргызской Республики тел.: 30-50-57