Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

ТҮРКСОЙ УЙМУ ТАРАБЫНАН ЧЫГАРЫЛГАН КЫРГЫЗ АКЫН-ЖАЗУУЧУЛАРЫНЫН ТҮРК ТИЛИНДЕГИ КИТЕПТЕРИНИН БЕТ АЧАРЫ

ТҮРКСОЙ УЙМУ ТАРАБЫНАН ЧЫГАРЫЛГАН КЫРГЫЗ АКЫН-ЖАЗУУЧУЛАРЫНЫН ТҮРК ТИЛИНДЕГИ КИТЕПТЕРИНИН БЕТ АЧАРЫ
29 Дек 2023

2023-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында ТҮРКСОЙ уйму тарабынан чыгарылган кыргыз акын-жазуучуларынын түрк тилиндеги китептеринин бет ачары болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, китептери жарык көргөн авторлор, акын-жазуучулар жана белгилүү коомдук ишмерлер катышты. Түрк тилинде жарык көргөн китептер классик жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, акындар Молдо Нияз, Жолон Мамытов тууралуу эмгектерден сырткары, азыркы заманбап калемгерлерден: жазуучу Топчугул Шайдуллаеванын “Эки эшиктүү үй”, акын ⁠Бурулкан Сарыгулованын “Жолдогу ойлор”, ⁠Атантай Акбаровдун “Энелер бейиштин мекени”, ⁠Абдилат Дооровдун “Эмнегедир теше тиктейм алысты” аталашындагы эмгектери бар. Аталган эмгектердин бардыгы түрк тилинде Анкара шаарынан басылып чыкты. Белгилесек, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму азербайжан, казак, өзбек, түрк, түркмөн, мажар адабияты, дүйнөнүн ар кайсы тармагында жашаган түрк тилдүү элдердин руханий баалуулуктарын иликтеген эмгектерди жарыялап келет. Жакында эле Иракта жашаган ирак түркмөндөрүнүн балдарына арнап 30 миң нускадагы китеп чыгарылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө айрым жаш калемгерлерге жана маданият ишмерлерине мыкты аңгемеси үчүн ТҮРКСОЙ уюмунун кызыктыруучу сыйлыктары тапшырылды.