Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Т.Шамшиевдин туулган күнүнүн 110 жылдыгына карата арналган “ Төлөн Шамшиев акын-драматург”атту китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Т.Шамшиевдин туулган күнүнүн 110 жылдыгына карата арналган “ Төлөн Шамшиев акын-драматург”атту китеп көргөзмөсү уюштурулду.
15 Окт 2023
2023 жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын кыргыз китеби бөлүмүндө белгилүү акын Т.Шамшиевдин туулган күнүнүн 110 жылдыгына карата арналган “ Төлөн Шамшиев акын-драматург”атту китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Акын Төлөн Шамшиев 1913-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган. 1927-жылдан тартып Өзгөн интернатында тарбия алып, 1932-жылы Жалал-Абад педагогикалык училищесин бүтүргөн.
Анын биринчи Отуз адыр аттуу поэтикалык жыйнагы 1934-жылы жарык көргөн. 30-жылдары акындын чыгармачылыгынын негизги темасы кыргыз жергесиндеги дыйкан адамдардын ары түйшүктүү, ары кызыктуу эмгеги болгон.
Шамшиев Төлөн бир нече поэтикалык жыйнактардын, ошондой эле көптөгөн ангеме, очеркттердин, эскерүүлөрдүн, публицистикалык макалалардын автору.
Акын тарабынан Маяковскийдин, Айнинин, Жалилдин, Тихоновдун, Сынтимбрянунун, Турссун Парданын жана башкалардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Китеп көргөзмөдө: китептер, макалалар жана гезиттер коюлган жана көргөзмөнү көрүп кетүүгө Улуттук китепкана окурмандарын чакырат.