Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Т. Суеркуловдун «Учкундан жалын тутанат» китебинин бет ачары болду

Т. Суеркуловдун «Учкундан жалын тутанат» китебинин бет ачары болду
15 Окт 2025

Бүгүн, 15-октябрда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында акын Таалайбек Суеркуловдун «Учкундан жалын тутанат» китебинин бет ачары болду.

Ал Алыкул Осмоновдун ырларына таасирленип, башка тармакта эмгектенсе да, 10 жылдан бери чыгармачылык менен алектенип келет жана 400гө чукул ыр жазып, анын 58ине обон жаралган.

Бет ачар Алыкул Осмоновдун эстелигине гүл коюу менен башталып, акын ыр окуп, келгендер акындын 60 жаш кутман курагы менен куттукташты. Ошондой эле акындын сөзүнө жаралган обондуу ырлар аткарылып, ыр сүйүүчүлөр тарабынан ырлары көркөм окулду.