Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Т.Уметалиев — эр журок акын»

04 Май 2018
2018 жылдын 2-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеп” бөлүмүндө Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Темиркул Үмөталиевдин 110 жылдыгына арналган “Т.Үмөталиев эр жүрөк акын” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Т..Үмөталиев 1908-жылы Ош областынын Аксы районундагы Төө-Жар айылында туулган. Ак-Суудагы балдар үйүндө тарбияланган, 1929-жылы Жалал-Абад педтехникумун бүтүп мугалим , райком комсомолдо бөлүм башчы, обком комсомолдо, “Кыргызстан пионери” газетасында редактор, “Ленинчил жашта” редактордун орун басары, Жазуучулар союзунун биринчи катчысы, “Ала-Тоо” журналында редактор, метфонддо директору болуп иштеген.
1940-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Акындын чыгармачылыгы 1931-жылы “Кетменчи Туратбай” деген ыры менен башталган.
Акындын чыгармачылыгы негизинен 3 этапка бөлүнөт. Улуу Ата Мекендик согушка чейинки, согуш мезгилиндеги жана согуштан кийинки аралыкта көрсөтүлөт.
Анын 30-жылдагы “Мен сулуулук койнунда”, “Пахта терими”, “Майрамкан”, “Асман биздики”, “Ферганадан кайтканда” сыяктуу ырлары жана “Ырлар жыйнагы”, “Гүлдөр” өлкөсү” деген поэмалары, “Ажыдаар менен күн” тамсилдери таандык.
Согуш мезгилинде “Атакеме берген антымды”, “Жигиттин ыры”, “Танк”, “Баатырдын өлүмү”, “Акыркы ок”, чыгармаларын жазса, “Кубат” поэмасында өзү көрүп, башынан кечирген согуштук окуяларды камтыйт.
Ал эми согуштан кийинки жылдары “Тынчтык үчүн”, “Советтик даңктуу армия”, “Балдарды биз коргойбуз”, “Согуш болбойт” аттуу ырлар циклинде ар кандай тематикада арнап жазган.
Т.Үмөталиев аялдар темасына арнап “Айсулуу”, “Жыпар”, “Канышбек” өңдүү поэмалар, “Эки кыз” “Суу боюнда”, “Анаркандеген көлөмдүү ырларды жазган. Ошондой эле 60 тан ашык очерк, аңгемелердин жүздөй адабий сын макалалардын автору.
Акын өзгөчө орустун классик акын жазуучулары Пушкиндин ,Маяковскийдин, Тихоновдун, Янка Купаланын адабий мурастарын, К,Кулиев, Турсун-Заде, кытай акыны Эми Сяонун чыгармаларын кыргыз тилине которууда чоң эмгек сиңирген.Чыгармалары поляк, немец, англис, француз, испан, венгр, чех, румын,болгар, казак, өзбек, украин тилдеринде да чыккан.
Кыргыз адабиятына сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси наамдары ыйгарылган, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл жылдыз, Ардак белгиси, Элдердин достугу ордендери, медалдар, Ардак Грамоталар менен сыйланган.
Китеп-сүрөт көргөмөдө Т.Үмөталиевдин китептери, ал жөнүндөгү материалдар, макалалар, ой-пикирлер орун алган