Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

ТАБЫЛДЫ ЭГЕМБЕРДИЕВДИН КИТЕПТЕРИН КИТЕПКАНАЛАРГА ТАПШЫРУУ АЗЕМИ.

ТАБЫЛДЫ ЭГЕМБЕРДИЕВДИН КИТЕПТЕРИН КИТЕПКАНАЛАРГА ТАПШЫРУУ АЗЕМИ.
02 Ноя 2023
2023-жылдын 2-ноябрында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында публицист жана ишкер Табылды Эгембердиев тууралуу чыккан «Көчмөн жаратман» жана «Оо, дарегим! Оо, карегим!» китептерин республикадагы китепканаларга тапшырылды. Китеп тапшыруу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, республикадагы бир катар китепканалардын жетекчилери, Табылды Эгембердиевдин жубайы Жаңылсынзат Турганбаева жана жаштар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кайрат Иманалиев 2- ноябрь Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, айрым китепкана кызматкерлерине министрликтин Ардак грамоталарын, маданияттын мыкты кызматкери төш белгилерин тапшырды.