Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Талант Байгабыловдун 90-жылдык юбилейи

12 Май 2011
Улуттук китепкананын “Кыргыз китеби” бөлүмүнүн окуу залында 2011-жылдын 14-майда кыргыз элинин көрүнүктүү инсаны таанымал педагог, талантуу журналист, жазуучу, жоокер акын — Талант Байгабыловдун 90-жылдык юбилейине карата “Көөнөрбөс эмгек, көркөм чыгармачылык” деген темада китеп көргөзмө уюшулду.
Китеп көргөзмөдө акындын көптөгөн пайдалуу, кызыктуу материалдары менен камсыз болуп, тактап айтканда кыргыз элинин чыгармачылык тарыхында акын, жазуучулардын чыгармачылыгы айрыкча мааниге ээ.
Көркөм адабият адамдардын аң-сезими, көз караш, түшүнүктөрүн тарбиялап калыптандыра турган улуу күч. Ал адамзат коому басып өткөн байыркы мезгилден бери чындыкты көркөм элестетип, адам турмушун дайыма коштоп келаткан жакшылык менен жамандыкты, адилеттик менен адилетсиздиктин, эзүү менен эзилүүнүн, кайгы менен кубанычтын, акылмандык менен алдамчылыктын бүтпөс күрөшүн, ички диалектикалык карама-каршылыктарын ар тараптан терең иликтеп, чагылдырып келет. Ошонусу менен турмуштагы ак менен караны, оң менен терс жактарды ажыратып, адамдарды туура жолго, асыл багытка карай үндөп келет.
Талант Байгабыловдун чыгармаларынын тили, көркөм сүрөттө стили, изилдениши, идеялык мазмуну, көркөмдүк өзгөчөлүктөрү, чыгармачылыгы, жалпы адамзаттык идеялары тереңдетилип берилиши, тарбиялык мааниси менен айырмаланып турат.
Көргөзмөгө “Т.Байгабыловдун өмүрү жана чыгармачылыгы”, “Т.Байгабыловго арналган баалуу эмгектер” деген бөлүмдөр менен жабдылып, окумуштуулардын ой-пикирлери менен жазылган материалдар коюлду.