Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Талантка таазим

26 Мар 2015

2015-жылдын 20-мартында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында кыргыз поэзиясынын классиги, залкар акын, котормочу Алыкул Осмоновдун туулган күнүнүн 100 жылдык мааракесине арналган     «Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,
                                                                      Узак, узак, узак болсун бул сапар.
                                                                      Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,
                                                                      Кайра кайтып, жолугушчу жолдор бар»,–
аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана поэзия кечеси өткөрүлдү.

Китеп-сүрөт көргөзмөнү Улуттук китепкананын директору Ж. Бакашова ачып, ал А. Осмоновдун ырларынын уккулуктуулугу, төрт тарабы төп келген, кемелин келтирип жазгандыгын, акындын кыргыз эли үчүн көп эмгек жумшап, поэзия жанрында өлбөс-өчпөс ырларын окурмандарына калтырып кеткендигин  эскерип өттү.
Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракеси духовой оркестрдин коштоосу менен анын айкелине гүл коюу аземи менен башталды. Ага Жогорку Кеңештин депутаты К. Осмоналиев, Кыргыз эл акындары А. Өмүрканов, М. Абылкасымова, Р. Рыскулов, С. Акматбекова, Ш. Ажыбеков, А. Эрматов, Улуттук китепкана директору Ж. Бакашова, Р. Буларкиевдер А. Осмоновдун эстелигине гүл коюшту.  Кыргыз эл акыны А. Өмүрканов өзүнүн акынга арнаган ырынан көркөм чеберчиликте окуп берди. Бишкек шаарындагы № 68 мектеп-гимназиянын окуучулары “Мен кыргыздын акыны” музыкалык композициясынан, “Музаман” тобу А. Осмоновдун сөзүнө жазылган обондуу “Ата журт” аттуу ырын аткарып беришти. Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата кеченин II бөлүгү Улуттук китепкананын конференц-залында улантылды.  “Кыргыз бийи”, “Улуу көч” бийлерин “Келечек” бийчилер тобу бийлеп беришти. А. Осмоновдун ырларынан Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык Академиясынын алдындагы “Жаңы толкун” адабий клубунун жаш акындары “Сүйүү – кыял”, “Эненин күчү”, “Аялга”, “Мага күлбө” аттуу ырларынан көркөм окушту.   “Ак шоола” балдар хору “Мен кыргыздын уулумун”, белгилүү композитор Ж. Муратова А. Осмоновдун сөзүнө жазылган “Түнкү кайык” музыкалык ырын, Ш. Ажыбеков “Көл жана Алыкул”, “Ак булуттар” , “Мен эмнеден уялам”, № 68 мектеп-гимназиянын 9д классынын окуучусу Мирлан кызы Назик “Жеңишбек” поэмасынан көркөм окуп, жаш таланттуу ырчы Касиет Жолукеева “Ак кайың” аттуу ырларынан көркөм чеберчиликте аткарып беришти.
Ал котормочу катары да окурмандарга  таанымал. Алыкул Осмонов таланттуу котормочу да. Грузин акыны Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатыр» дастаны кыргыз тилинде жети ирет басылышы адабияттагы өзгөчө окуя. Ага А. С. Пушкиндин «Евгений Онегин» романы, У. Шекспирдин «Отелло», «Он экинчи түн» трагедиясы, И. А. Крыловдун тамсилдери,  Ш. Перронун жомоктору, К. Чуковскийдин «Федориканын шору» котормолору да таандык.
Акын элдик чыгармаларды «Толубай сынчы», «Карагул», «Мырза уул» поэмалары, «Ысык-Көл», «Мартчылык», «Жыл талашуу», «Домонун кызы» аттуу легендалар элдик казынадан сузулуп алынган.
1950-жылы Москвада орус тилинде жарык көргөн «Мой дом» ырлар жыйнагы элге кеңири тараган.
Анын төрт ыры орус тилиндеги «Дүйнөлүк акындар» альманагына кирген.
А. Осмоновго 1967-жылы Кыргызстан Ленин комсомол сыйлыгынын №  1 лауреаттык күбөлүгү ыйгарылган.
1988-жылы Бишкектеги № 68-мектепке, Кыргыз Республикасында жалпысынан 20дан ашык мектеп жана Тоо чокусу, бир кеме «Алыкул», Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына да акындын ысмы ыйгарылган.
 А. Осмоновдун 60тан ашык ырларына обон чыгарылып, М. Убукеев, Л. Турусбекова, С. Ишенов сыяктуу режиссерлор кино тартышкан.
Көргөзмөгө акындын китептери, башка тилдерге которулган жыйнактары, анын котормосу, ал жөнүндөгү илимий эмгектер, макалалар, газета-журналдык материалдар, ага арналган кыргыз акын-жазуучуларынын ырлары коюлду.
Негизинен иш-чара басма сөз, радио берүүлөрдөн чагылдырылып, максатына жетти. Көргөзмөгө акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, студенттер,  окурмандар жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты