Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Тарых илимдеринин доктору профессор имЇркул Караевге 85 жыл

19 Окт 2015
Кыргыздардын жана Кыргызстандын орто кылымдагы тарых изилдөөчү, окумуштуу, илимпоз, тарых илимдеринин доктору профессор Өмүркул Караевге 85 жыл
Ө. Караевдин илимге алгачкы кадам жазап изилдеген маселеси, орто кылымдардагы араб-перс булактарындагы кыргыздар жана Кыргызтан тууралуу маалыматтарды айкындоо болгон. Анткени бул маселеге буга чейин атайын изилдөөгө алынбаган жана кыргызтардын жана Кыргызстандын орто кылым доорлоруна байланышкан баалуу маалыматтар жаткан. VIII-X кылымдагы араб географтарынын эмгектериде кургак жерлер, дениздер, дарыялар, шаарлар, айыл кыштактар, административдик аталыштар жөнүнүндө маалыматтар учурайт. (Караев О. Арабские и персидские источники IX-XIIвв. О киргизах и Киргизии. Ф, 1968. с.62)
Орто кылымдардагы араб авторлорунун маалыматтарынын негизинде, Кыргызстан аркылуу соода жолунун эки маршруту: Түштүк Ош-Өзгөн-Атбашы жана Түндүк Талас,Чүй жана Ысык-Көл аркылуу өткөн. Алар айтылган маалыматтар аркылуу гана, биричи жолу азыркы учурга жетпей калган шаарлардын айыл кыштактардын аталыштары белгилүү болгон.( Эсеналиева Г.О. Кыргызтардын жана Кыргызстандын орто кылымдагы тарыхын изилөөдө Ө. Караевдин кошкон салымы. 32-б.)
Могулстан мамлекеттик бирикмесинин тарыхын Ө. Караев терең маани берүү менен изилдеген. Автордун пикиринде, Могулустандын өз алдынча мамлекет катары бөлүнуп чыгышы моңгол империясындагы саясий кыйынчылыктардын уландысы катары каралган. Бул процесс Чынгыз хандын империясы түзүлгөндө эле башталып, анын укум-тукумдарды моңгол феодалдарынын жана аскердик төбөлдөрдүнүн бири-бирине каршы эки аскердик төбөлодөрүн бирин-бирине каршы эки топко бөлунүшүнө байланышкан.
Ө. Караев максат кылган орчундуу маселелердин дагы бири бул Карахандар кагандыгынын тарыхы болгон. Бул мамлекет тууралуу окумуштуунун бир катар эмгектери жарык көргөн.
В.В.Бартольддун Кыргызстандын тарыхына байланышкан негизги эмгектерин Ө. Караев иргеп чыгып анын тандалган чыгармалар жыйнагына киргизген.
Окумуштуу Ө. Караевдин кыргыз жана Кыргызстандын тарыхын изилдөөдөгүү ордун жана ролун, ошондой эле тарых илимине кошкон салымын баамдап, ЖОЖда баалуу окуу материалы катары колдонуга болот.
Өмүркул Караевге арналган китеп көргөзмөсүн 2015 – жылдын 30 октябрына чейин А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын юридикалык бөлүмүндө танышсаныздар болот.